Казакстан БУУнун Коопсуздук Кеңешинин жаңы мезгилдеги отурумуна катышты

Казакстан алдыңкылык берген темалар алдына алуучу дипломатия, коопсуздук чараларынын арттырылышы, кагылышууларга бөгөт болуу

644338
Казакстан БУУнун Коопсуздук Кеңешинин жаңы мезгилдеги отурумуна катышты

Казакстандын БУУнун Коопсуздук Кеңешинин убактылуу мүчөлүгү мезгилинде карап чыга турган маселелердин коопсуздук чараларынын арттырылышы, кагылышууларга бөгөт болуу жана чечилиши, эл аралык терроризм менен күрөшүү экендиги билдирилди.

Казакстандын тышкы иштер министрлигинен берилген маалыматка караганда 2017-  жылдын 1 -  январынан баштап БУУнун Коопсуздук Кеңеши 2017 – 2018 -  жылдагы убактылуу мүчөлүгү башталган Казакстандын делегациясы БУУнун Коопсуздук Кеңешинин жаңы мезгилиндеги биринчи отурумуна катышты.

Делегациянын жетекчиси Барлыбай Садыков отурумда сүйлөгөн сөзүндө Казакстандын убактылуу мүчөлүк мезгилинде алдыңкылык берилген темалардын  алдына алуучу дипломатия, коопсуздук чараларынын арттырылышы, кагылышууларга бөгөт болуу жана чечилиши менен бирге эл аралык терроризм менен күрөшүү темаларына токтолушарын белгиледи.

Садыков БУУнун 100 жылдыгы болгон 2045 -  жылга чейин ядросуз, согушсуз жана кагылышуусуз дүйнө үчүн бирдикте аракет кылуунун маанисин баса белгиледи.

Казакстандын тышкы иштер министри Кайрат Абдрахмановдун келерки жумада БУУнун Коопсуздук Кеңешинин «Кагылышууларга тоскоол болуу жана тынчтыктын сакталышы» аттуу талкууларга катышуусу пландалууда. Казакстан өткөн жылдын июнь айында 138 добуш менен БУУнун Коопсуздук Кеңешинин 2017 – 2018 – жылдагы убактылуу мүчөлүгүнө шайланган болчу.



Тектеш кабарлар