Президент Алмазбек Атамбаев кызматын баштады

Алмазбек Атамбаев Нью-Йоркко баратканда учакта сыркоолоп калып Стамбулга токтогон жана Түркиянын Измир шаарында бир канча күн турган соң Москвага учуп кеткен.

581883
Президент Алмазбек Атамбаев кызматын баштады

КРнын Президенти Алмазбек Атамбаев Орусиянын борбор калаасы Москвада бир жумага созулган жүрөгүнүн ритминин бузулушу боюнча дарылануусунан кийин өлкөгө кайтып келип кызматын баштады.

Президенттиктин маалымат борбору Атамбаев кызматын баштаганын жана Коргоо кеңешинин катчысы Темир Жумакадыровду кабыл алганын билдирилди.

Жолугушууда Мамлекет башчысы улуттук коопсуздукту камсыз кылуу жана өлкөнүн коргоо мүмкүнчүлүгүн арттыруу боюнча чараларды жүзөгө ашыруу максатында мамлекеттик органдар жүргүзүп жаткан иштер тууралуу маалымат алды.

Темир Жумакадыров ошондой эле чек ара коопсуздугун камсыз кылуу жана чек ара маселелерин өлкөнүн улуттук кызыкчылыктарын сөзсүз түрдө эске алуу менен конструктивдүүлүк менен чечүү багытын улантуу боюнча көрүлүп жаткан чаралар жөнүндө да Президентке кеңири баяндады.

Президент Алмазбек Атамбаев жана Коргоо Кеңешинин катчысы Темир Жумакадыров укук коргоо органдарын реформалоо, коррупцияга каршы күрөшүү жана өлкөдөгү диний кырдаалды өнүктүрүү маселелерин да талкуулашты.

Ошондой эле Атамбаев кыргызстандыктарга кайрылуу жасады.



Тектеш кабарлар