Өзбекстанда Шавкат Мирзиеев доору башталабы?

Өзбекстандын премьер-министри Шавкат Мирзиеев президенттин милдетин убактылуу аткарып турмай болду.

567890
Өзбекстанда Шавкат Мирзиеев доору башталабы?

Мындай чечимди Өзбек Республикасынын парламентинин эки палатасы атайын отурумунда кабыл алганын төмөнкү палатанын төрагасы кабарлады.
"Шавкат Мирзиеев бүгүн президенттин убактылуу милдетин аткаруучулукка бекитилди. Ал эми Олий Мажилистин сенатынын төрагасы Нигматилла Юлдашев талапкерлигин алып койду", — деп билдирди.

  Каримовдун тагын ким мурастайт? Болжолдуу талапкерлерге берилген баа Мыйзам чыгаруучу палата жана кенгаш (кеңеш) – парламенттин сенаты 8-сентябрда кезексиз жыйынга чогулуп, анда Өзбекстандын президентинин милдетин убактылуу аткара турган талапкерди бекитүү каралган.  Жаңы президентти шайлоо жакынкы үч айдын ичинде өтүшү керек. Парламенттин чечимине чейин Баш мыйзам боюнча өлкө президентинин милдетин Өзбекстан сенатынын төрагасы аткарып турушу керек. Серепчилер мунун төңкөрүш болгонун боолгоп жатышат...

Өзбекстандын биринчи президенти Ислам Каримов 78 жашында өткөн жума күнү дүйнө салган.  Ислам Каримовдун өлүмүнөн кийин өлкө үч күн аза күтүп, сөөгү 3-сентябрда Самарканд шаарындагы Шахи-Зинда көрүстөнүнө алып келинип, ата-энесинин жанына коюлган.

 



Тектеш кабарлар