Новруз Меммедов өлкөдөгү ФЕТӨ мүчөлөрүнүн белгиленерин айтты
Азербайжандын президенттиктин баш катчысынын орун басары Новруз Меммедов «ФЕТӨнүн бул жердеги жактоочуларынын баары ачыкка чыгарылат",- деди
Азербайжан Республикасынын Президентинин Аппаратынын тышкы байланыштар боюнча бөлүмүнүн жетекчиси жана президенттиктин баш катчысынын орун басары Новруз Меммедов өлкөдөгү ФЕТӨ мүчөлөрүнүн баарынын белгиленерин айтты. Меммедов басма сөз кызматкерлерине берген маалыматында Түркияда 15 - июлда болгон ийгиликсиз козголоң кыймылынан кийин ФЕТӨнүн аткарган иштери тууралуу Азербайжанда да иликтөөлөрдүн жүргүзүлөрүн белгиледи. Бул окуялардын артындагы күчтөрдүн эч качан Азербайжанга таасир бере албай тургандыгын баса белгилеген Меммедов : «ФЕТӨнүн бул жердеги жактоочуларынын баары ачыкка чыгарылат. Териштирүүлөр бул уюмдун түздөн түз жактоочулары менен бирге өлкөбүздөгү кээ бир оппозициячыл мекемелер менен да байланыштуу экендигин көрсөтүүдө. Азербайжан мамлекетине, анын кызыкчылыгына зыян тийгизүү кыймылдары алдына алынат»,- деди.
Азербайжан башкы прокурорлугу Түркияда козголоң кыймылында болгон ФЕТӨнүн Азербайжандагы мүчөлөрүнүн мыйзам тышы кыймылдарын алдына алуу максатында жаза мыйзамынын тийиштүү беренелери боюнча териштирүүнүн баштатылгандыгын жарыялаган болчу.