Шанхай Кызматташтык Уюмунун саммити Өзбекстанда башталды

Каримов Өзбекстандын кезектешкен башкаруучулугунда уюмдун иш чараларына байланыштуу 50дөн ашуун жыйын жана иш чаранын өткөрүлгөндүгүн айтты

517470
Шанхай Кызматташтык Уюмунун саммити  Өзбекстанда башталды

Шанхай Кызматташтык Уюмунун мамлкет башчыларынын саммити Өзбекстандын борбор шаары Ташкентте башталды. Саммиттин ачылышында сөз сүйлөгөн Өзбекстандын президенти Ислам Каримов уюмдун кезектешкен башкаруучулугун аткарган өлкөсүнүн алдыңкылыктары катары уюмдун алкагында көп тараптуу кызматташтыктын дайыма өнүктүрүлүшүнө, өткөн жылы Уфада болгон Шанхай Кызматташтык Уюмунун мамлекет башчыларынын саммити жана андан мурунку жыйындарда түзүлгөн макулдашуулардын ишке ашырылышына маани бергенин белгиледи. Каримов Өзбекстандын кезектешкен башкаруучулугунда уюмдун иш чараларына байланыштуу 50дөн ашуун жыйын жана иш чаранын өткөрүлгөндүгүн айтты.

Каримов бүгүн Ташкент декларациясы менен уюмдун 2025 -  жылга чейин стратегиялык өнүгүү кыймыл планына кол коюларын, бул документтердин уюмдун иш чаралары жана негизги максаттарынын турмушка ашырылышына багыт берүүчү ишенимдүү саясий базисти түзөрүн белгиледи.

Бүгүн кол коюлуусу күтүлгөн Индия жана Пакистандын мүчөлүк статусуна байланыштуу милдеттер меморандумунун Шанхай Кызматташтык Уюмунун өнүгүшү процессинде маанилүү этап болорун баса белгилеген Каримов тийиштүү тараптардын арасындагы сүйлөшүү процессинин кыйын өткөндүгүн белгиледи.

Бүгүн карала турган күн тартип беренелери менен бирге 2016 – 2017 – жылдары уюмдун кезектешкен башкаруучулугун аткара турган өлкөнүн да белгиленерин айткан Каримов бүгүн уюмдун алкагында тараптарды кызыктыра турган актуалдуу жана аймактык маселелерди да карашарын айтты.

 



Тектеш кабарлар