Татарстанда ифтарга катышуу рекордго жетти

Казанда төртүнчүсү өткөрүлгөн Республика ифтарына он миң киши катышты

516584
Татарстанда ифтарга катышуу рекордго жетти

Орусияга караштуу Татарстан автоном республикасынын борбор шаары Казанда төртүнчүсү өткөрүлгөн Республика ифтары бул жылы он миң кишилик катышуу менен рекордго жетти. Бул жылы орозо кармоо сааты 20 саатка жеткен Казанда берилген ифтарга чакырылган көпчүлүгү кары – картаң, майып, жетим жана жакырлар үйлөрүнөн ифтар берилген стадионго атайын унаалар менен алып келинди.

Орусия мусулман ишкерлер биримдиги жана Казань  -  Арена стадиону башкаруусунун кошкон салымы менен Татарстан дин иштери башкармалыгы тарабынан уюштурулган Республика ифтарына Татарстан президенти Рүстем Минниханов, Татарстандын алгачкы президенти Минтемир Шеймиев, министрлер жана депутаттар катышты. Стадиондо кечки намаздан кийин Татарстан муфтийи Камил Семигуллин жана башка дин адамдарынын диний кеңештери чоң экранга чагылдырылып, татар өнөрпоздор диний ырларды аткарышты. Кечки намаз стадиондо окулду.

Стадиондун тегерегинде курулган чоң казандарда өзбек палоосу бышырылды. Өзбек палоосу үчүн бир тонна күрүч, бир тонна эт, бир тонна сабиз колдонулду. Палоолор 200 килограммдык 18 казанда төрт саатта даярдалды. Ифтар менюсунан сорпо, бөрек жана таттуу түрлөрү орун алды.

 

 

 



Тектеш кабарлар