Анкаранын Кечиөрен муниципалитетинде Кыргызстан кечеси өттү (видео)

Иш-чаранын алкагында Кыргызстандын Каракол мэриясы менен Кечиөрен муниципалитетинин ортосунда туугандык келишимине кол коюлду.

517015
Анкаранын Кечиөрен муниципалитетинде Кыргызстан кечеси өттү (видео)

Анкара шаарынын Кечиөрен муниципалитети уюштурган 7-Эл аралык Рамазан иш-чараларынын алкагында Кыргызстан күнү өткөрүлдү.

Калаба Кент майданын толтурган Кечиөрен калкы менен катар программага Түркия Парламентиндеги Кыргызстан достук тобунун башчысы жана АК партиянын Эрзинжан эл өкүлү Себахаттин Каракелле, Кечиөрен муниципалитетинин башчысы Мустафа Ак жана жубайы Хатиже Ак, Кыргызстандын Түркиядагы атайын жана толук ыйгарым укуктуу элчиси, проф.Ибрагим Жунусов, Казакстандын Анкарадагы элчиси Жансейит Түймебаев, ТҮРКСОЙдун баш катчысы Дүсен Касеинов, Каракол шаарынын мэри Данияр Арпачиев, Кыргызстандын ардактуу консулу Мустафа Курт, Каракол шаардык кеңешинин депутаттары катышышты.

Иш чаранын жүрүшүндө эң оболу шаардын аянтчасында Кыргызстан маданият үйүнүн ачылышы жасалды. Ал үйгө Кыргызстандын каада салтын, үрп адатын, кол өнөрчүлүгүн чагылдырган кол өнөрчүлүк буюмдары, таанытуучу китепчелер коюлуп келген элдин кызыгуусун тартып, купулуна толду.

Андан соң Каракол мэриясы менен Кечиөрен муниципалитетинин ортосунда туугандык келишимине кол коюлду. Кол коюу аземине иш-чарага катышкан бардык депутаттар жана эл күбө болушту.

Анда;

«-Өз ара урмат-сый, ишеним менен эки өлкөнүн мыйзамдарынын чегинде эки тарап ар тараптуу мамилелерин өркөндөтүшөт.

-Өз ара экономикалык, билим берүү жана башка багыттарда кызматташышат жана бул кызматташтыкты өнүктүрүшөт.

-маданият, билим берүү жана ден-соолук жаатында маданий жана тарыхый мурастарды коргоо үчүн тараптуу мамилелерин өркүндөтүшөт.

-Эки тараптын мекемелериндеги жумушчулардын билим алуусун өркүндөтүү багытында, ошондой эле маалымат жана тажрыйба алмашуу багытында кызматташышат.

-Тараптар үчүнчү тарапка да пайдалуу боло турган проекттерди да аткаруу мүмкүнчүлүгүн эске алышат.» деген беренелер орун алды.

Аны улай концерттик программа башталды.

«Чек аралардан ашкан туугандыкта көңүл чордонубузда орун алган Кыргызстанды коноктоп жана конок болуудабыз»,-деп сөзүн баштаган Кечиөрен муниципалитетинин жетекчиси Мустафа Ак: «Ата журттан Эне журтка келишти. Тынчтык жана ынтымак менен өнүгүп жаткан Кыргызстан менен кызматташуубузду өнүктүрүүнү каалайбыз. Жергиликтүү башкаруучулар катары биз дагы бул досутугубуздун өнүгүүсүнө салым кошуубадыз. Каракол мэриясы менен Кечиөрен муниципалитетинин ортосунда туугандык келишимине кол койдук. Эки элге пайдалуу болушун тилеймин!»-деди.

Түркия Парламентиндеги Кыргызстан достук тобунун башчысы жана АК партиянын Эрзинжан эл өкүлү Себахаттин Каракелле Рамазандын Ислам дүйнөсүнүн кутулушуна себеп болушун тилеп, «Кыргызстандык досторубуз менен көздөрүбүздүн формасы башкача болсо дагы, көз жаштарыбыздын түсү бирдей. Биз бир жерлердин, бир аймактын адамдарыбыз. 1991-жылы Кыргызстандын көз карандысыздыгын биринчилерден болуп таанган өлкө Түркия болгону үчүн сыймыктанабыз»,-деди.

Кыргызстандын Түркиядагы атайын жана толук ыйгарым укуктуу элчиси, проф.Ибрагим Жунусов өз сөзүндө эки элдин маданияты бири-бирине жакын экенине токтолуп, Анадолу менен Ала-Тоонун калкын жакындатууга аракет кылгандарын маалымдады.

Каракол шаарынын мэри Данияр Арпачиев да бардык мусулмандарды рамазан айы менен куттуктап, Кечиөрен муниципалитети менен келишим түзгөнгө абдан ыраазы болгондорун билдирди.

Муниципалитет башчысы Мустафа Акты Ысык-Көлдө өтө турган дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына чакырууну да унутушкан жок.

Иш-чара Каракол шаарынан келген «Көл бермети» бийчилер тобу, манасчы, комузчу жана ырчылардын чыгармалары менен шаңга бөлөндү....(видео маек)



Тектеш кабарлар