Европа оюндарына саналуу күндөр калды

Азербайжан Европа оюндарында алдыңкы орундарга ээ боло турган спортчуларына акчалай сыйлык тапшырат.

297888
Европа оюндарына саналуу күндөр калды

Азербайжан, борбор шаар Бакуда өтө турган Европа оюндарында алдыңкы орундарга ээ боло турган спортчулары үчүн акчалай сыйлыктарын белгиледи.
Президент Илхам Алиев медалга ээ боло турган азербайжандык спортчуларга акчалай сыйлык тапшырылышына байланыштуу мыйзамга кол койду.
Европа оюндарында биринчи боло турган спортчуларга 100 миң доллардан, экинчилерге 50 миң доллардан, үчүнчүлөргө да 30 миң доллардан акчалай сыйлык берилет.
Биринчиликти алган спортчулардын машыктыруучулары да акчалай сыйлыкка ээ болушат.
Биринчи орунду ээлеген курама командалардын ар бир спортчусуна болсо 30 миң доллардан, экинчилик үчүн 20 миң доллардан, үчүнчүлүк үчүн 10 миң доллардан акчалай сыйлык тапшырылат.
12-28-июнь күндөрүнүн аралыгында өтө турган Европа оюндарында 49 өлкөдөн 6 миңден ашуун спортчу медаль үчүн таймашат.


Этикеткалар:

Тектеш кабарлар