Акынжы жана Анастасиадис социалдык иш чарада жолугушат

Мустафа Акынжы Рум башкаруусунун лидери Никос Анастасиадисти Локмажы баррикадасында тосуп алат

285268
Акынжы жана Анастасиадис социалдык иш чарада жолугушат

Кипрде көпкө созулган убакыттан кийин кайрадан башталган сүйлөшүүлөр улантылууда. Эки тараптын сүйлөшүүчүлөрү сүйлөшүүлөрдү үзгүлтүксүз улантып, эки коомдун лидерлери да эртең социалдык иш чара үчүн жолугушат.
Түндүк Кипр Түрк Республикасынын президенти Мустафа Акынжы Рум башкаруусунун лидери Никос Анастасиадисти Локмажы баррикадасында тосуп алат. Эки лидер Лефкошанын түрк тарабында жөө кыска убакыт саякатка чыгат. Эс алгандан кийин эки лидер бул жолу Лефкошанын рум бөлүгүнө келет жана бул жерде «Узун жол» деп аталган базарды кыдырышат. Лидерлерди жолугушуу чурунда эки тараптын сүйлөшүүчүлөрү менен бирге Лефкошанын түрк жана рум мэрлери менен эки лидердин катчылары да коштойт.
Сүйлөшүүлөрдүн негизинде лидерлердин кийинки расмий жолугушуусу 28 - майда ишке ашат.
Кипрде тараптардын сүйлөшүү делегациялары да сүйлөшүүлөрүн улантышууда. Делегациялар дүйшөмбү күнү кайрадан жолугушат. Негизги темасы коопсуздукту арттыруучу чаралар болгон жолугушууларда 28 - майда өткөрүлө турган лидерлер саммити үчүн да даярдыктар көрүлүүдө.


Этикеткалар:

Тектеш кабарлар