Мустафа Акынжы Эспен Барт Эйдени кабыл алды

Кипрде сүйлөшүү процессинин кайрадан башталуусу үчүн сүйлөшүүлөр уланып жатат.

262275
Мустафа Акынжы Эспен Барт Эйдени кабыл алды


Президент Мустафа Акынжы БУУнун баш катчысынын Кипр боюнча атайын кеңешчиси Эспен Барт Эйдени кабыл алды.
Президент Акынжы болжол менен 1 саат 15 мүнөткө созулган жолугушуудан кийинки билдирүүсүндө, сүйлөшүү процессинин мындан кийин кандай уланаарын сүйлөшкөндөрүн айтты.
Акынжы Кипр маселесин чечүү процессинде 10 жыл мурда пайдаланылбаган мүмкүнчүлүктүн кайрадан жаралганын айтты.
БУУнун баш катчысынын Кипр боюнча атайын кеңешчиси Эспен Барт Эйде да мунун 10 жылдан берки эң чоң мүмкүнчүлүк экенин белгиледи.
Эки лидер менен тең жолугушуп процессти кантип улантууга боло турганын сүйлөшө тургандарын белгилеген Эйде, сүйлөшүүлөрдүн кайрадан башталуусу үчүн жакшы көз карашта экенин сөз кылды.


Этикеткалар:

Тектеш кабарлар