3 космонавт жер шарына кайтып келди

Космонавттардын саламаттыгы жакшы.

260269
3 космонавт жер шарына кайтып келди


Эл аралык космостук станцияда болжол менен 6 ай кызмат кылган эки орус космонавт жана бир америкалык астронавт жер шарына кайтып келишти.
Александр Самокутяев, Елена Серова жана Барри Уилморду ташыган космостук кеме Казакстанга конду.
26-сентябрда учурулган кеме менен Космостук станцияда 167 күн өткөргөн жүргүнчүлөр кемеден жарым саатта чыгарылды.
НАСА 112 миллион километр жолду басып өткөн астронавт жана космонавттардын бул тажрыйбаларынын дагы узун мөөнөткө учуулар үчүн керектүү медициналык көрсөткүчтөрдү камсыздаганы билдирилди.
Жер шарына кайрадан көнө турган астронавт жана космонавттардын саламаттык абалдары жакшы.
"Союз" жер шарына кайткандан кийин Космостук станцияда үч космонавт калды.
Космостук станцияда калган топко 27-мартта дагы үч космонавт кошулат. Бул космонавттардан Скотт Келли жана Михаил Корниенконун станцияда бир жыл калуусу күтүлүүдө.

 


Этикеткалар:

Тектеш кабарлар