Тоо үстүндөгү шаар-3

Чырпыкты тигип аны суу менен камсыз кылып турбаса ал чынар болуп жетилбеси анык.

206648
Тоо үстүндөгү шаар-3

... Анкарага келгенден бери көп жерлерди кыдырууга үлгүрдүк. Бардыгы жакты. Эки жыл, беш жыл ичинде эле тургузулган райондордун инфрастурктурасы, архитектурасы шаарга өзгөчө бир көрк берип турат экен.
Тоо үстүндөгү шаар деп бекер атабадым... Анткени, Анкарага келгендер жакшы билсе керек... Кадимки эле бөксө тоолордун үстүнө салынган чоң шаар. Ичин араласа тике ылдай түшүп, жогору салынган жолдор, тоо ылдый лыжа менен түшүп келаткандай элес калтырат. Жаңы салынган, салынып аткан бийик имараттар дагы тоонун боорунда же үстүндө жайгашкан. Түздүк жер, өрөөн жокко эсе.
ТРТдан баштап канча бир километрге чейин созулган ийне жалбырактуу токой көзгө урунбай койбойт. Бул арча карагайлуу токой Анкаранын Жакынкы Чыгыш техникалык университетинин ошол кездеги ректору, академик Кемал Курдаш тарабынан тигилген. 1956-жылы шаардын райондорун, аймактарын жашылдандыруу боюнча демилге көтөрүп 45 000 гектар адырлуу жерди өздөштүрүү максатында, окуу жайдын студенттерине тиктирген. Арча карагайлар азыр калың токой болуп өскөн.
Чырпыкты тигип аны суу менен камсыз кылып турбаса ал чынар болуп жетилбеси анык. Мына ошол академик ар бир сайылган чырпыктын сугарылышын, өсүшүн көзөмөлдөгөнү үчүн дүпүйгөн токой болуп, азыркы күнү жашоочуларды кубантып отурат.
Негизинен Анкара шаарынын ичи сырты ийне жалбырактуу өсүмдүктөргө бай. Жолдун жээгинде, бош жаткан адырлардын боорунда азыр да жаңы көчөттөр отургузулуп атканын көрүүгө болот.
Шаардын соода борборлорунун биринде жашылдандыруу боюнча жүрүп жаткан акцияга да туш болдум. Ийкемдүү, сылык сүйлөгөн улан кыздар мага бул акциянын жол жобосун түшүндүрүп беришти...
Шаарды жашылдандырууга мен да салымымды кошуп он лира төлөп, аты жөнүмдү, кайсы мамлекеттен келгенимди жазып бердим. Анкаранын бир бурчунда «Бакыт, Кыргызстан» деп, алдында жазуусу бар чырпык сайылаарына кубана сапарымды уладым. Билем, бул мамлекетте элди алдап акча табышпайт... Ал чырпык сөзсүз тигилет, балким бир кезде тигилген чырпыктын чынар болгонун көрүп да калаармын...
Анкара шаарынын ар бир райондорунан асман тиреген флагштокторду байкадым. Тоонун желине желбиреп турган Мамлекеттин Туусу алыстан эле көзгө урунат. Убакыт өткөн сайын улам жаңыртып турса керек бир да жолу өңү өчкөн байракты байкабадым. Демек, Мамлекетти терең сыйлоо, анын символдоруна болгон камкордук биринчи орунда экендиги даана көрүнүп турат...
Биздин Түрк радио телекөрсөтүү мекемесинде болгон иш сапарыбыз да аягына чыгып калды. Бир ай көз ачып жумганча өтүп кетсе да, жан дүйнөбүзгө, көкүрөгүбүзгө унутулгус элестерди калтырдык... Шаар кыдырып, жөн эле сүрөткө түшүү эмес, элдин жашоосуна, алардын маданиятына, баскан турганына, сүйлөгөн сөзүнө жана мамилелерине сугарылдык.
ТРТ дагы жети миңге жакын адам эмгектенген ишканадагы тартиптин, ынтымактын бекемдигин көрүп биз үйрөнө турган көп нерсе бар экен деген ойго келдим. Бул эң башкысы адамдын бири бирине болгон жылуу мамилеси, сый урматы... Таанысаң да тааныбасаң да күлүп жайнап учурашуу. Ал эми түш мезгили болгондо «afiyet olsun» деп ар бири жолукканда айтып турат, бул «тамагыңыз таттуу болсун!» деген сөз. Сен тамакка барбасаң деле айтыла берет, демек тамактануу учуру...
Ал эми миңдеген адамдар тамактана турган ашканада кезек күткөндөр арбын болсо да кезегиңиз бат эле келет. Бардыгы системалаштырылган, эч ким тамак тандабайт, комплекстүү тамактануу. Түрктөрдүн ашканасы да өтө бай экен, тамактын түрлөрүн жасашат. Ал эми көпчүлүккө ылайыкташкан чоң залда ар ким ичкен идиш аягын тиешелүү жайга алып барып коет. Ал жерде да кезекке туруш керек, тартип ошондой. Негизи бардык жеринде тартип күч алган. Тартип болбосо жети миңге жакын киши эки сааттын ичинде кантип тамактанууга үлгүрмөк!
Мекеме жетекчилери жумушчуларга бардык шарттарды түзүп берген. Профсоюз уюуму да мыкты иштейт, ай сайын миңдеген кызматкерлерге кургатылган мөмө жемиштердин түрлөрүн таркатып, жумуштун татаалдыгын, зыяндуулугун эске алып турушат. Ал эми ТРТ да иштеген жумушчулар, болгон чыгармачылык дараметтерин жумшап, эфир толкунун көркүнө чыгарып келишет...
Ошону менен бирге ТРТга келген кыргызстандык студенттердин да саны арбын.



ТРТнын «Түркия үнү» радиосу үчүн,
КТРКнын «Бинринчи радиосунун» кызматкери Бакыт Ашыракманов

 


Этикеткалар:

Тектеш кабарлар