Түрквизиондо биринчи белгилүү болду

Ыр конкурсунда Дугалова биринчи болду

201692
Түрквизиондо биринчи белгилүү болду

Экинчи Эл аралык Түрквизион ыр конкурсунда казак өнөрпоз Дугалова биринчи болду. Орусия федерациясына караштуу Татарстандын борбор шаары Казанда өткөрүлгөн конкурстун финалында Жанар Дугалова 205 балл менен биринчи болуп, «Аттар чуркап баратат» ыры менен Татарстандын атынан катышкан Айдер Сулейман болсо 201 балл менен экинчи болду. Конкурста даражага киргендерди Татарстандын президенти Рүстем Минниханов, ТҮРКСОЙдун баш катчысы Дүсен Касейинов жана Түркмөнстандын маданият министри Анагелди Гараджаев куттуктады. Конкурсту ТҮРКСОЙдун 32 - кезектеги жыйыны үчүн Казанга келген ТҮРКСОЙго мүчө өлкөлөрдүн маданият министрлери менен бирге миңдеген киши көрдү.


Этикеткалар:

Тектеш кабарлар