Орусия Кыргызстанга 500 миллион доллардык жардам бермекчи

Атамбаев Сочиде Владимир Путин менен жолукту.

87808
Орусия Кыргызстанга 500 миллион доллардык жардам бермекчи

Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев Сочи шаарында Россия Федерациясынын Президенти Владимир Путин менен жолугушту.Бул тууралуу Кыргыз Республикасынын Президентинин аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү билдирди.
Атамбаев-Путин жолугушуусунда эки тараптуу карым-катнаштардын өнүгүшү темасынын каралганы белгиленсе, эки өлкөнүн өкмөттөрүнүн ортосундагы кызматташтыктын жогорку деңгээлде болгону ыраазычылык менен сөз кылынганы айтылды.
Атамбаев Кыргызстандын стратегиялык өнөктөшү Орусия менен карым-катнаштарды бекемдөө жана туруктуу күчтөндүрүп өнүктүрүү ниетинде болгондорун баса белгилени жазылды.
Орусия, Беларусь жана Казакстан мүчөсү болгон Бажы Биримдигине мүчө болуш үчүн өкмөттүн чоң аракет кылып жаткандыгын түшүндүргөн Атамбаевдин, «Чыныгы колдоо аркылуу Бажы Биримдигине быйыл мүчө болууну каалайбыз»,-деген сөздөрү орун алды.
РИА Новостинин кабарына караганда Путин-Атамбаев жолугушуусунан кийин журналисттерге маалымат берген Орусиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров, Кыргызстандын экономикасынын ылдам түрдө Евразия интеграция процесси менен шайкештик түзүшү үчүн 500 миллион доллардык колдоо көрсөтүлүшүнө чечим чыгарылганын билдирди.
Казакстандын борбор шаары Астанада 29-майда өткөрүлгөн Евразия Бажы Биримдигине мүчө өлкөлөрдүн лидерлеринин саммитинде, Кыргызстанды Бажы Биримдигине алып бара турган жол картасы кабыл алынган, 26-июлда Евразия Бажы Биримдигине мүчө болуш үчүн Кыргыз өкмөтү сүйлөшүүлөрдү баштаткан.


Этикеткалар:

Тектеш кабарлар