Дервиш Эроглу менен Никос Анастасиадис тарапсыз аймакта жолугушту

Эки лидер Дайынсыз жоголгон кишилер комитетине барышты

70889
Дервиш Эроглу менен Никос Анастасиадис тарапсыз аймакта жолугушту

Кипр маселелеринин алкагында Түндүк Кипр Түрк Республикасынын Президенти Дервиш Эроглу менен Рум башкаруусунун лидери Никос Анастасиадис тарапсыз аймакта жолугушту. Жолугушуудан мурда эки лидер Дайынсыз жоголгон кишилер комитетинин антропология лабораториясына да барды. Кипр маселесинин чечилүүсү үчүн сүйлөшүүлөрдө эки лидер келишкен темалардын биринчиси дайынсыз жок болгон кишилер комитетинин иштерине толук колдоо берилиши болду. Бул тууралуу так кадамдардын бири ташталды.
Эки лидер сүйлөшүүлөрдүн алкагында ишке ашыра турган жолугушуудан мурда Дайынсыз жоголгон кишилер комитетинин антропология лабораториясына барды. Ал жактагы жолугушуудан кийн билдирүү жасаган Дайынсыз жоголгон кишилер комитетинин үчүнчү мүчөсү Паул Генри Арни лидерлердин лабораторияны биринчи жолу бирдикте кыдырганына көңүл бурду жана комитет жана дайынсыз жоголгон үй – бүлөлөрдүн атынан эки лидерге рахмат айтты. Миңден ашуун дайынсыз жоголгон кишилердин калдыктарына жетиле албаганын белгилеген Арни комитеттин бюджетинин күчтөндүрүлүүсү керектигин айтты. Эки лидер андан кийин сүйлөшүүлөрдүн негизинде жолугушушту. Жолугушуу 3 саатка жакын созулду. Жыйындан кийин лидерлер ар дайымкынын тескерсинче бул жолу билдирүү жасашкан жок.


Этикеткалар:

Тектеш кабарлар