Түрк басма сөзү 31.12.2024

Бүгүн басмадан чыккан гезиттерден кыскача маалыматтар.

2225573
Түрк басма сөзү 31.12.2024

«Стар» гезити «Эрдоган : ПКК/ЙПГны маектеш катары көрүү кабыл алынгыс» деген кабарында президент Эрдогандын Бириккен Араб Эмирликтеринин мамлекет башчысы Шейх Ал Нахян менен телефон аркылуу сүйлөшкөнүн жазган. Эрдоган Түркиянын Сирияда иш алып барган ПКК/ЙПГ террордук уюмунун аймактагы күрттөрдүн өкүлү жана маектеши катары көрүлүшүн кабыл албай тургандыгын, ДЕАШтын да аймактагы баш  аламандыктан пайдалануусун алдын алуу жана Израилдин учурдагы абалдан пайдаланып Сирияданы жаңы процесске балта чабуусуна тоскоол болушу керектигин айтты.

«Йени шафак» гезити «Түрк энергетика делегациясы абалды аныктоо үчүн Дамаскта» деп билдирип, Түркиянын Сириянын энергетика инфраструктурасын кайрадан иштей турган абалга алып келүү үчүн аткарыла турган иштерди аныктоо жана жол картасы үчүн Дамаскка бир делегация жибергендигин кабарлаган.

«Ватан» гезити «Байрактар : Шырнакта күнүмдүк мунай өндүрүү  70 миң баррелден ашуун» деген макаласында энергетика жана жаратылыш ресурстары министри Алпарслан Байрактардын : «Шырнак маанилүү бир облус болду өзгөчө энергетика жана мунай үчүн. Бул жерде да бүгүндөн тарта өндүрүшүбүз  70 миң баррелден жогору чыкты»,- дегенин билдирген.

«Сабах» гезити «Togg 20 айда  72 пайыздык жергиликтүүлүк катнашын ашты» деп жазып, жергиликтүү унаа Togg базарга чыгышынын 20-айында 72,18 пайыздык локализация көрсөткүчүнө жеткенин баяндаган.

«Хүррийет» гезити «HÜRKUŞ алгачкы учушун аткарды» деген маалыматында түрк аба күчтөрүнүн учкучтарды даярдоо муктаждыктарын канааттандыруу жана коргонуу өнөр жайынын мүмкүнчүлүктөрүн дагы да арттыруу максатында  TUSAŞ тарабынан чыгарылган HÜRKUŞтун биринчи учушунун аткарылгандыгын, 20 мүнөттүк учуу учурунда 6500 фут бийиктикке жана 140 түйүн ылдамдыгына жеткенин кабарлаган.



Тектеш кабарлар