Түрк басма сөзү 30.12.2024

Түрк басма сөзүнөн кыскача маалыматтар.

2225204
Түрк басма сөзү 30.12.2024

«Йени Шафак» гезити «Эрдогандан Түштүк Кореяга көңүл айтуу билдирүүсү» аттуу кабарында президент Режеп Таййип Эрдоган Түштүк Кореядагы учак кырсыгында каза болгондордун жакындарына, Түштүк Корея элине жана өкмөтүнө көңүл айтканын жазган.

«Стар» гезити «Судан: Эрдогандын сунушун кубаттайбыз» аттуу маалыматында Түркиянын ар тармакта алардын жанында экенин айткан Судандын министри Ел-Иайсир, президент Эрдогандын Судан менен Бириккен Араб Эмирликтеринин ортосундагы келишпестиктердин чечилиши үчүн Түркиянын ортомчу боло алары жөнүндөгү сунушун кубаттагандарын билдиргенин жазган.

«Хүррийет» гезити «Сириядагы түзүмдү өзгөртүү сооданы бекемдейт» аттуу кабарында вице-президент Жевдет Йылмаз Сириядагы кайра куруу менен бирге ылайыктуу чөйрөнүн жаралышынын сириялыктардын кайтышына жана эки өлкөнүн соода карым-катнаштарынын өнүгүшүнө шарт түзө турганын айтканын билдирген.

«Сабах» гезити: «Түркия энергетика тармагында лидерликти көздөөдө» аттуу маалыматында энергетика жана жаратылыш ресурстары министри Алпарслан Байрактар ​​Түркиянын энергетика саясаттары боюнча эл аралык атаандаштыкта ​​маанилүү чекке жеткенин баса белгилегенин жазган. "Жаратылыш газынан атомдук, кайра жаралуучу энергиядан суутек технологияларына чейин бардык тармакта лидерликти көздөп жатабыз",-деди.

«Ватан» гезити «Байкардын Пьяджо Аэроспейсти сатып алуусу дүйнөнүн күн тартибинде» аттуу кабарында Түрк коргоо өнөр жайы фирмасы Байкардын италиялык Пьяджо Аэроспейсти сатып алуусу дүйнөдө чоң жаңырык жаратып, Пьяджонун F-35 учактарынын кыймылдаткычтары үчүн тетик чыгаруусу да көңүлдөрдү бурганын жазган. Бул сатып алуу менен бирге Түркия F-35 программасына кайра кайткан болду.



Тектеш кабарлар