Түрк басма сөзү  27. 12.  2024

Бүгүн басмадан чыккан гезиттерден кыскача маалыматтар.

2224618
Түрк басма сөзү  27. 12.  2024

«Хүррийет» гезити «Улуттук коргоо министрлигинин булактары : террордук уюмдун курал таштоодон башка мүмкүнчүлүгү жок» деген кабарында  улуттук коргоо министрлигинин булактарынын Сириянын жаңы башкаруусу менен коргонуу жана коопсуздук тармактарында кызматташуу жана террор менен күрөшүүдө координация түзүүнү белгилегендигин жазган. Террордук уюм ПКК/ЙПГнын курал таштоодон башка мүмкүнчүлүгүнүн жок экендигин баса белгилеген булактар : «Куралдарын ташташат же  жок болушат»,- деп билдиришти.

«Хабер түрк» гезити «Россиядан Түркия тууралуу билдирүү» деп жазып, Россиянын тышкы иштер министри Сергей Лавровдун Түркиянын Сирия чек арасындагы коопсуздук тууралуу тынчсызданууларын түшүнүү менен кабыл алгандарын белгилеп : «Түркиянын коопсуздук кызыкчылыктары  Сириянын эгемендиги, жеринин бүтүндүгү, биримдиги сактала тургандай түрдө түзүлүшү керек. Түрк башкаруусу бул багытта мамиле кылууда жана муну колдойбуз»,- деди.

«Стар» гезити «Түркия аба көпүрөсү милдетин аткарууда» деген макаласында Түркиянын Сириядагы жаңы мезгил менен бирдикте Дамаскка жана башка шаарларга жибериле турган жардамдар үчүн аба көпүрөсү милдетин аткарууну улантып жаткандыгын белгилеген. Акыркы жолу Дүйнөлүк Саламаттыкты Сактоо Уюмунун  50 тонна медициналык жардамы Түркияга алып келинди. Жардамдар Стамбулдан Сирияга жиберилет.

«Йени шафак» гезити «Миграция жана адам укуктары борбору түзүлүүдө» деп билдирип, Түркиянын мигранттардын укуктарынын коргоого алынышы жана орчундуу темаларда саясаттарды иштеп чыгуу максатында «Миграция жана адам укуктарын изилдөө борбору» деген ат менен жаңы бир борбор түзүп жаткандыгын маалымдаган.  

«Сабах» гезити «Француз басма сөзүндө түрк коргонуу өнөр жайына мактоо» деген маалыматында борбору Франция болгон кабар сайты Secret Defensтин түрк аба күчтөрү үчүн чыгарылган ГӨКЧЕ жана ГӨЗДЕ жаңы муундагы жетектөө комплекттеринен мактоо менен сөз кылгандыгын билдирген. Жаңы муундагы курал системалары менен Анкаранын геополитикалык таасиринин дагы да күчөй тургандыгы айтылды.



Тектеш кабарлар