Түрк басма сөзү 26.12.2024
Түрк басма сөзүнөн кыскача маалыматтар.

Түрк басма сөзү 26.12.2024
«Хүррийет» гезити «Эрдоган: Алар же куралдарын ташташат, же Сирия жерлерине көмүлөт» аттуу маалыматында президент Эрдоган, партиясынын Парламенттеги фракциялык жыйынында: «ДЕАШ жана ПККнын баш болгон террордук уюмдарды талкалоого чечкиндүүбүз. Жикчил кылмышкерлер же куралдарын ташташат, же куралдары менен Сириянын жерлеринде көмүлөт. Террордук уюмду жок кылабыз. Террордук уюмдардын эсеби болгон сыяктуу бизде да эсеп бар»,-деп айтканын баяндаган.
«Ватан» гезити «Министр Мемишоглу: Сирияга ден-соолукка байланыштуу бардык колдоолорду көрсөтөбүз» аттуу маалыматында Саламаттыкты сактоо министри Кемал Мемишоглу Сириянын саламаттыкты сактоо министри менен телефон аркылуу сүйлөшүүсү тууралуу: «Аларга ден соолук боюнча ар кандай колдоо жана жардамды бере турганыбызды айттык»,-деди.
«Стар» гезити «Биз бир эле учурда 3 кадам секирдик» аттуу маалыматында Түркия эл аралык инвестиция тартуу борборуна айланганын жазган. Түркия нөлдөн баштап жасалган инвестицияда Франция, Англия жана Германиядан кийин 7-орундан 4-орунга көтөрүлдү.
«Йени Шафак» гезити «АСЕЛСАНдан 58,6 миллион долларлык келишим» аттуу кабарында ASELSAN Түрк Мамлекеттер Уюмуна мүчө өлкө менен электр-оптикалык жана байланыш системаларын түз сатуу боюнча жалпы суммасы 58,6 миллион долларлык (2 миллиард лира) экспорттук келишимдерге кол койгонун маалымдаган.
«Хабертүрк» гезити «Түрк илимпоздору Ай менен Марста помидор өндүрүүнү максат кылышууда» деген маалыматында Эгей университетинин так илимдер факультетинин биология бөлүмүнүн окутуучусу доц. Др. Ренгин Өзгүр Узилдай жетектеген долбоор Ай жана Марста курула турган адам башкарылган космостук колонияларда помидор өндүрүүнү максат кылганын жазган.