Түрк басма сөзү 25.12.2024
Түрк басма сөзүнөн кыскача маалыматтар.

«Сабах» гезити «Дамаск менен биринчи келишим жолдо, Жер Ортолук деңизде тең салмактуулук өзгөрөт» аттуу кабарында транспорт жана инфраструктура министри Абдулкадир Уралоглу Сирия менен деңиз юрисдикциясы келишимине кол коюла турганын билдиргенин жазган. Ошондой эле транспорт жана коммуникация тармагында да иш планынын үстүндө иштеп жатышканын айтты.
«Стар» гезити «Түркиянын темир жолу Дамаскка чейин созулат» аттуу маалыматында Түркиянын Сириянын аэропортторун ишке киргизе турганын жазган. Түркиянын темир жол бүтүндүгү да Дамаскка чейин жетет.
«Хүррийет» гезити «Министр Шимшек Түркиянын экономикалык өсүшүнө көңүл бурду» аттуу кабарында казына жана каржы министри Мехмет Шимшек Түркиянын бир-эки жылдын ичинде жогорку кирешелүү өлкөлөрдүн тобуна кирүү потенциалы бар экенин айтканын жазган. Киши башына улуттук киреше боюнча Европа Биримдиги өлкөлөрүнө жакындап баратабыз»,- деди.
«Ватан» гезити «Жаңы жыл түнү гректер менен болгарлардын тандоосу Эдирне» аттуу маалыматында Жаңы жылды Эдирнеде баштоону каалаган болгар жана грек туристтердин мейманкана жана оюн-зоок жайларындагы брондоолору 50 пайыздан ашканын билдирген. Бул сандын Жаңы жыл түнү 100 пайызга көтөрүлөрү күтүлүүдө.
«Йени Шафак» гезити «Орус газына түрк багыты» аттуу кабарында орус газын Украина аркылуу Европага жеткирүү келишиминин мөөнөтү 31-декабрда бүтөт деген ыктымалдуулуктун күчөп баратканын жазган. Түркия ТАНАП жана Түрк агымы сыяктуу маанилүү куурлардын борборунда жайгашкандыктан аймактагы жаңы энергетика теңдемесинде өзгөчөлөнүүдө.