Түрк басма сөзү 20.12.2024
Түрк басма сөзүнөн кыскача маалыматтар.

«Сабах» гезити «Эрдагандын Каирдеги дипломатиялык жолугушуулары» аттуу кабарында президент Режеп Таййип Эрдоган, Д-8 саммити үчүн барган Египеттин борбор шаары Каирде Пакистандын премьер-министри Шахбаз Шариф, Египеттин президенти Абдулфеттах эс-Сиси жана Ирандын президенти Масуд Пезешкян менен өз-өзүнчө жолугушуу өткөргөнүн жазган. Жолугушууларда эки тараптуу карым-катнаштар, Сирия жана Газа маселелери талкууланды.
«Хабер түрк» гезити «Эрдогандан Сирия үчүн тилектештик чакырыгы» аттуу маалыматында президент Эрдоган Каирдеги D-8 саммитинде сүйлөгөн сөзүндө: «Террордон тазаланган Сириянын курулуусу чын жүрөктөн күткөн үмүтүбүз. Бул татаал жолдо сириялык бир туугандарыбыздын жанында болушубуз керек»,-деди.
«Ватан» гезити «Эрдоган: D-8дин таасир чөйрөсү кеңейиши керек» аттуу маалыматында президент Эрдоган күчөгөн кагылышуулар, кризистер жана согуштарга каршы глобалдык коопсуздукту жана ырааттуулукту камсыздоого жооптуу мекемелердин өз милдеттерин аткарбай жатканын айтканын жазган. Эрдоган D-8 уюмунун таасир чөйрөсүн кеңейтүүгө чакырды.
«Стар» гезити «Эрдоган: Израилди изоляциялоо абдан маанилүү» аттуу кабарында президент Эрдоган Израилдин кол салууларын кеңейтүүнү улантып, Сириянын жеринин бүтүндүгүн тоготпой жатканын айтканын жазган. Эрдоган Израилге курал эмбаргосун киргизүү, сооданы токтотуу жана эл аралык тармакта изоляциялоо абдан маанилүү экенин баса белгиледи.
«Йени Шафак» гезити «THY рекорд койду» аттуу кабарында дүйнөнүн эң көп өлкөсүнө учкан авиакомпания наамын 2012-жылдан бери сактап келе жаткан Түрк аба жолдорунун (THY) Гиннестин рекорддор китебине атын жаздырганын билдирген. Кечээ Чилиге биринчи каттам менен бирге THYнын учуу багыты 131 өлкөнү камтууда.