Түрк басма сөзү 13.12.2024

Бүгүн басмадан чыккан гезиттерден кыскача маалыматтар.

2220124
Түрк басма сөзү 13.12.2024

 

 

 

 

 

 

 

«Хабер түрк» гезити «Блинкен Анкарада» деген кабарында президент Режеп Таййип Эрдогандын АКШнын мамлекеттик катчысы Энтони Блинкен менен Анкара Эсенбога аэропортунда жолугушкандыгын жазган. Жолугушууда Сирияда террордук уюмдардын туруксуз абалдан пайдаланбашы үчүн кадамдардын ташталышы керектиги боюнча бирдей пикирге барылгандыгын жазган.

«Сабах» гезити «Эрдогандан Европа Биримдигине Сирия тууралуу чакыруу» деп жазып, президент Эрдогандын Венгриянын премьер  - министри Виктор Орбан менен Анкарада президенттик комплексте өткөргөн жолугушууда Сириянын кайрадан курулушу жана учурдагы мекемелерди реформалоо боюнча Европа Биримдиги өлкөлөрү менен кызматташуунун зарылдыгын билдиргенин айтканын белгилеген.

«Стар» гезити «Түркия Сирияда террордук уюмдарга мүмкүнчүлүк бербейт» деген макаласында улуттук коргоо министрилиги Сирияда ПКК/ЙПГны коргоо үчүн ДЕАШ шылтоосунун  ортого салынгандыгына көңүлдөрдү бурганын кабарлаган. Министрлик : «ПКК/ЙПГ башта болгон террордук уюмдардын Сириядагы абалдан пайдалануусуна уруксат бербейбиз»,- деген билдирүү жасады.

«Хүррийет» гезити «Түркия дипломатияда жол башчы» деп билдирип, тышкы иштер министри Хакан Фидандын Түркиянын Сомали жана Эфиопиянын ортосундагы келишпестиктин чечилишиндеги ролунун, чечүүчү жолдорду  чыгарган дипломатия түшүнүгүнүн күчтүү көрүнүшү экендигин белгиледи.

«Ватан» гезити «Антальяда туризмде рекордго жетишилди» деген маалыматында  Антальяга акыркы 10 жылда  112 миллион 722 миң туристтин келгендигин жазган. 36 миллион менен орустар биринчи орунда, 25 миллион  545 миң киши менен немистер  экинчи орунда, 7 миллион  183 миң киши менен британиялыктар үчүнчү орунда турат.



Тектеш кабарлар