Түрк басма сөзү 12.12.2024

Түрк басма сөзүнөн кыскача маалыматтар.

2219627
Түрк басма сөзү 12.12.2024

«Сабах» гезити «Түркия Африкадагы кризисти чечти» аттуу кабарында президент Режеп Таййип Эрдогандын Сомали менен Эфиопиянын ортосундагы кризисти чечүү үчүн кадам таштаганын жазган. Эрдоган Президенттик комплексте Сомалинин президенти Хасан Шейх Махмуд жана Эфиопиянын премьер-министри Абий Ахмед менен жолугушту. Эрдоган тараптардын ортосунда келишим түзүлгөнүн билдирди.

«Хабер түрк» гезити «Сирияга ыктыярдуу кайтуулар көбөйөт» аттуу маалыматында президент Эрдоган 61 жылдык Баас режиминин кулатылышынан кийин Сирияда тынчтыкка жол ачылганын, сириялыктардын өз ыктыярлары менен кайтууларын координациялай тургандарын айтканын жазган.

«Йени шафак» гезити «Чет элдик басма сөз: Эрдоган Ислам дүйнөсүнүн лидери» аттуу кабарында Сирияда Баас режиминин кулашында Түркиянын ролуна көңүл бурган чет элдик басылмалар президент Эрдогандын азыр Ислам дүйнөсүнүн табигый лидери экенин жазып чыгышканын билдирген.

«Стар» гезити «Француз басма сөзү: Түркия муну көз жаздымда калтырууга болбой турганын дагы бир жолу далилдеди» аттуу маалыматында Сирияда Асаддын кулатылышынын Түркиянын аймактагы таасирин арттырганын жазган француз басылмалары, «Түркия муну көрмөксөнгө салууга болбой турганын дагы бир жолу далилдеди»,- деп сереп салганын баяндаган.

«Хүррийет» гезити «Хакан Фидандан Палестина билдирүүсү» аттуу кабарында тышкы иштер министри Хакан Фидан Палестинанын барган сайын көбүрөөк өлкө тарабынан таанылышы үчүн аракет кылгандарын айтканын жазган. Түркиянын аракеттеринин глобалдык масштабда таасири бар экенин баса белгилеген Фидан: «Биз өлкөбүзгө болгон кызыгууну арттырган саясатты жүргүзүп жатабыз»,-деди.



Тектеш кабарлар