Түрк басма сөзү 11.12.2024
Түрк басма сөзүнөн кыскача маалыматтар.
Түрк басма сөзү 11.12.2024
«Сабах» гезити «Эрдоган: Сириядагы террордук уюмдардын уюктары талкаланат» аттуу маалыматында президент Режеп Таййип Эрдогандын Сирия калкынын ондогон жылдардан бери уланган зулум системасын кулатып эркиндикке жетишкенин айтканын жазган. Эрдоган: «Өлкөнүн башка аймактарындагы ДЕАШ, ПКК/ПЙД сыяктуу террордук уюмдар эң кыска убакытта талкаланат»,-деди.
«Ватан» гезити «MİT Камышлыда террордук уюм ПКК/ЙПГга сокку урду» аттуу маалыматында Улуттук чалгындоо уюму (MİT) Сириянын Камышлы аймагында террордук уюм ПКК/ЙПГнын Асад режиминен тартып алган ракета, оор курал жана ок-дары жүктөлгөн 12 жүк ташуучу унаа, 2 танк жана 2 ок-дары кампасын жок кылганын маалымдаган.
«Хабер түрк» гезити «Президент Эрдогандан дипломатиялык алакалар» аттуу кабарында президент Эрдогандын Италиянын премьер-министри Жоржия Мелони жана Европа Комиссиясынын төрайымы Урсула фон дер Ляйен менен телефон аркылуу сүйлөшүү өткөргөнүн жазган. Сүйлөшүүлөрдө Сириядагы абал талкууланды.
«Хүррийет» гезити «Эрдоган: Сириянын жаңы башкаруусуна колдоо көрсөтүүгө даярбыз» деген маалыматында президент Эрдогандын Сириядагы жаңы башкаруунун Сирия калкын камтыган позицияны карманышын үмүт кылгандарын, жаңы башкарууга муктаж болгон ар тараптан керектүү колдоону көрсөтө тургандарын баса белгилегенин баяндаган.
«Стар» гезити «Түркиянын чек аранын ары жагына мунай жана жаратылыш газ боюнча демилгелери» деген кабарында энергетика жана жаратылыш ресурстары министри Алпарслан Байрактар Ирак, Ливия, Африка, Орто Азия, Кавказ аймагы жана Түштүк Америкада эл аралык өнөктөштүктөр менен мунай жана жаратылыш газ өндүрүшүн көбөйтүүнү максат кылгандарын билдиргенин маалымдаган.