Түрк басма сөзү 04.12.2024
Түрк басма сөзүнөн кыскача маалыматтар.
«Хабер түрк» гезити «Эрдоган, ПККга каршы кадамдарды таштап жатабыз жана таштайбыз» аттуу кабарында президент Режеп Таййип Эрдогандын Ирактын премьер-министри Мухаммед Шиа аль-Судани менен телефон аркылуу сүйлөшкөнүн жазган. Эрдоган жикчил террордук уюм ПКК жана анын Сириядагы уландыларынын алдын алуу үчүн Түркиянын улуттук коопсуздугу жана кызыкчылыктарына ылайык кадамдар ташталганын жана таштала турганын айтты.
«Хүррийет» гезити «Эрдоган; Сирия режими саясий процесске кириши керек» аттуу маалыматында Түркиянын бир канча айдан бери сунган колун четке каккан Сирия режиминин өлкөдө адилеттүү жана туруктуу тынчтыкка умтулбай жатканын билдирген. Президент Эрдоган, оппозициянын Халепти кыска убакытта көзөмөлүнө алышынан кийин чоң жерин жана күчүн жоготкон Асадды: «Сирия режими абалдын мындан да оорлошунун алдын алуу үчүн чыныгы саясий процесске кириши керек»,-деп эскертти.
«Стар» гезити «Түркиядан Грецияга «жумшак күч» чакырыгы» аттуу кабарында Президенттиктин коммуникация башкармалыгынын башчысы Фахреттин Алтун жумшак күч элементи катары маданият менен спорттун биригишине ишенерин билдирди. Алтун: «Греция менен достугубузду бекемдей турган бардык демилгени колдоого толук даярбыз»,-деди.
«Ватан» гезити «Fitch түрк экономикасындагы жакшырууга көңүл бурду» аттуу маалыматында Эл аралык кредиттик рейтинг агенттиги Fitch түрк экономикасынын жакшыруусуна көңүл бурганын жазган. Фитчтин отчетунда Түркия Республикасынын Борбордук банкынын резервдеринде олуттуу жылыш болгону белгиленди. "2025-жылы саясат ырааттуулугунун жогорулашын күтөбүз" деген сөздөр камтылды.
«Йени Шафак» гезити «Түркиядан таза энергия кадамы» аттуу кабарында түрк изилдөөчүлөрү көмүр кычкыл газын таза энергияга айландыра турчу аппаратты иштеп чыга тургандарын жазган. Түрк илимпоздору иштеп чыгууну пландаган аппарат, таштанды катары көмүр кычкыл газын өндүргөн унаа түтүктөрү жана завод мору сыяктуу системаларга ылайыкталат.