Түрк басма сөзү 3.12.2024

Бүгүн басмадан чыккан гезиттерден кыскача маалыматтар.

2216294
Түрк басма сөзү  3.12.2024

«Хүррийет» гезити «Фидан : Сириядагы жарандык согуштун күч алышын каалабайбыз» деген кабарында тышкы иштер министри Хакан Фидандын кечээ ирандык кесиптеши Аббас Аракчи менен жолугушкандыгын жазган. Фидан жолугушуудан кийин өткөргөн пресс  - жыйынында : «Сириядагы жарандык согуштун күч алышын каалабайбыз. Астана процессин ишке ашырабыз»,- деди.

«Стар» гезити «Түркия Сирияда конструктивдүү роль ойноду» деп билдирип, Ирандын тышкы иштер министрлигинин басма сөз катчысы Исмаил Бекайинин Түркиянын Сирия үчүн да, Иран үчүн да маанилүү кошуна экенин белгилеп: «Түркия Сириядагы чыңалууну көзөмөлдөөдө конструктивдүү роль ойноду»,-дегенин жазган.

«Йени шафак» гезити «Министр Болат : ноябрь айындагы экспортубуз  22 миллмард 3 миллион болду» деген маалыматында соода министри Өмер Болаттын кечээ жасаган билдирүүсүндө : «Ноябрь айындагы экпортубуз өткөн жылдын ушул эле айына караганда  3,1 пайыздык төмөндөө менен  22 миллиард  3 миллион доллар болду»,- дегенин белгилеген. Болат 11 айда тышкы соода кемчилигинин 27 пайызга азайгандыгын айтты.

«Ватан» гезити «Коргонуу жана авиациялык өнөр жайы экспорт рекордуна жетишти» деп жазып, коргоо өнөр жайы башкармалыгынын коргонуу жана авиациялык өнөр жай өндүрүштөрүнүн экспортунун  11 айлык мезгилде  5 миллиард 761 миллион долларга жогорулап рекордго кол койгондугун баса белгиледи.

«Сабах» гезити «Анталья туристтик рекордго жетишти» деген макаласында Антальянын дүйнөлүк маштабда туристтер эң көп тандаган аймактардын бири катары жаңы бир рекордго жетишкендигин кабарлаган. Жылдын биринчи  11 айында келген турист саны  өткөн жылдын ушул эле мезгилине караганда  8 пайыздык өсүү көрсөттү. Антальяга эң көп келген туристтер немистер болду.



Тектеш кабарлар