Түрк басма сөзү 2.12.2024

Түрк басма сөзүнөн кыскача маалыматтар.

2215804
Түрк басма сөзү 2.12.2024

«Йени шафак» гезити «Фидан Блинкен менен Сирияны талкуулады» аттуу кабарында тышкы иштер министри Хакан Фидан, америкалык кесиптеши Энтони Блинкен менен телефон аркылуу Жакынкы Чыгыштагы абалды талкуулаганын жазган. Сирияда тынчтык орношу үчүн режим менен оппозициянын саясий процессти жыйынтыктоосу керектигин баса белгилеген Фидан: «Түркия жана сириялык жарандарга каршы террордук аракеттерге эч качан уруксат берилбейт»,-деди.

«Хабертүрк» гезити «Шимшек: Түркия коргоо өнөр жайында глобалдык актер болуп калды» аттуу маалыматында казына жана каржы министри Мехмет Шимшек, Түркиянын коргоо өнөр жайындагы ийгиликтерине токтолуп, учурда 80 пайыздык ата мекендик өндүрүшкө жетишкендерин айтканын жазган. Түркия коргоо өнөр жайында глобалдык актерго айланды»,-деди.

«Хүррийет» гезити «Улуттук билим берүү министринен мектепке чейинки билим берүүгө байланыштуу бөлүшүү» аттуу кабарында Улуттук билим берүү министри Юсуф Текин Түркияда 2023-2024-окуу жылында мектепке чейинки билим берүү мекемелерине кабыл алуу көрсөткүчүнүн 5 жашта 95,44 пайызга жеткенин билдиргенин жазган. Текин, ушундайча OECD отчетуна караганда Түркия мектепке чейинки билим берүү боюнча бардык өлкөлөр арасында эң чоң өсүшкө жетишкен өлкө болгонун айтты.

«Стар» гезити «Түрк илимпоздору мээни окуу системасын иштеп чыгышты» аттуу маалыматында Элазыг Фырат университетинин технология факультетинен 6 окутуучу жана 6 студент Түркияда биринчилерден болуп мээни окуу системасын иштеп чыгышканын жазган. Сүйлөй албаган же шал болуп калгандыктан реакция кыла албаган адамдарга үмүт шооласы боло турган системанын негизинде оорулуу адамдардын мээсине берген сигналдар алынып, ойлору жасалма интеллект менен которулат.

«Ватан» гезити «THY Сиднейге каттамдарын баштады» аттуу кабарында 6 континентте 351 багытка учкан Түрк аба жолдору (THY) жаңы учуу багытына Австралия континентиндеги Сиднейди кошконун жазган. Сидней THYнын багыттарынын арасында эң узак учуу каттамы болуп калды.



Тектеш кабарлар