Түрк басма сөзү 29.11.2024

Бүгүн басмадан чыккан гезиттерден кыскача маалыматтар.

2215080
Түрк басма сөзү 29.11.2024

«Йени шафак» гезити «Газада туруктуу ок атышпоо болбосо аймактык тынчтык болбойт» деген кабарында президент Эрдогандын Түркияга келген Омандын султаны Хейсем бин Тарык менен өткөргөн биргелешкен пресс  - жыйынында : «Ливанда ок атышпоонун түзүлүшү кубандырат. Газада туруктуу ок атпоо болбосо аймакта тынчтык болбойт»,- деди.

«Хүррийет» гезити «72 террорист жок кылынды» деп билдирип, улуттук коргоо министрлигинин өлкө ичи жана өлкө тышында аткарылган операцияларга байланыштуу билдирген маалыматта акыркы бир жумада ПКК жикчил террордук уюмунун  72 террористтинин жок кылынгандыгын жарыялады.

«Хабер түрк» гезити «Октябрь айында  экспорт өстү» деген маалыматында Түркиянын экспортунун октябрь айында өткөн жылдын ушул эле айына караганда  3,1 пайызга өсүп 23 миллиард 500 миллион доллар, импорттун болсо  2 миллион  409 миллион доллар болуп ишке ашкандыгын белгилеген.

«Стар» гезити «Түркиядан дос өлкөгө TURAL экспорту» деп жазып, РАМСА коргонуу кампаниясынын башкы директору Рамазан Гүжүктуралынын өзү чыгарган айдоочусуз кургактык унаасы  TURALдын Азия бөлүгүнүн Пакистанда жасалышы үчүн ниет келишимине кол койгондорун белгилеп : «Биринчи келишим аяктады, трансферлер да бир жуманын ичинде жыйынтыкталат. Болжол менен  1,5 айдан кийин биринчи трансферлерибизди  аткарган болобуз»,- дегенин баяндаган.

«Сабах» гезити «Түркия  - Венгрия беттеши ойноло турган стадион белгилүү болду» деген маалыматында Түркия футбол федерациясынын  А улуттук футболдук командасынын  2025 -  жыл  20 -  март бейшемби күнү Венгрия менен ойной турган УЕФА эл аралык лигасынын  плей  -  офф матчынын Стамбул Али Сами Йен спорт комплексинде ойноло тургандыгын билдирген.



Тектеш кабарлар