Түрк басма сөзү 21.11.2024
Түрк басма сөзүнөн кыскача маалыматтар.
Түрк басма сөзү 21.11.2024
«Йенишафак» гезити «Эрдоган: АКШнын Сириядан чыгышынан улам келип чыккан жаңы абалга Түркия катары даярбыз» аттуу маалыматында президент Режеп Таййип Эрдогандын Бразилиядан кайтып келе жаткан учактагы билдирүүсүндө: «Террор менен күрөшүбүздү улантабыз, Түркия катары Американын Сириядан чыгышынан улам пайда боло турган жаңы абалга да, учурдагы реалдуулукка да даярбыз. Улуттук коопсуздугубуз биринчи орунда турат жана бардык башка маселелерден жогору турат»,-деп айтканын баяндаган.
«Хабертүрк» гезити «Эрдоган: Байдендин «Украина» чечимин туура көрбөйбүз» аттуу кабарында президент Эрдогандын АКШнын президенти Байдендин Украинага берген «узак аралыкка учуучу ракеталарды колдонууга уруксатын» туура деп таппагандарын белгилеп: «Булардын баары аймакты жана дүйнөнү жаңы жана чоң согуштун босогосуна алып келиши мүмкүн»,-деп айтканын баяндаган.
«Стар» гезити «Байрактар TB3түн тарыхый сыноосу Грецияны коркутту» деген кабарында Байрактар ТБ3 куралдуу учкучсуз учуучу аппаратынын биринчи учуп-конуу сыноосу Грецияда кооптондуруучу деп кабыл алынганын жазган. Грек басмасы : «Бул Байрактар TB3түн технологиялык артыкчылыгын көрсөттү. Түркия Байрактар TB3түн ийгилиги менен дүйнөдө биринчиликке жетишти», деген серебин салган.
«Хүррийет» гезити «THYден бекер тур мүмкүнчүлүгү» аттуу кабарында Түрк аба жолдору (THY) чет өлкөдөн келген жана башка өлкөгө баруу үчүн Стамбул аэропортунда күткөн жүргүнчүлөрүнө «Тур Стамбул» долбоорунун алкагында бекер шаар кыдыруу мүмкүнчүлүгүн камсыздаганын маалымдаган.
«Сабах» гезити «Дүйнөдөгү эң таасирдүү 19 жердин тизмесине Түркиядан бир имарат кирди» деген кабарында дүйнөдөгү эң таасирдүү 19 жердин тизмеси жарыяланганын белгилеп, ал уникалдуу жана тарыхый курулуштардын арасында Түркиядан Айя София да орун алганын маалымдаган.