Түрк басма сөзү 18.11.2024

Түрк басма сөзүнөн кыскача маалыматтар.

2210918
Түрк басма сөзү 18.11.2024

«Хабер түрк» гезити «Кандилде ПККга мүчө 5 террорист жок кылынды» аттуу кабарында Улуттук коргоо министрлиги Ирактын түндүгүнө жүргүзүлгөн абадан операциянын натыйжасында Кандил аймагында ПККга мүчө 5 террористтин таасирсиз кылынганын билдиргенин жазган.

«Йени шафак» гезити «Өнүгүү жолу үчүн Ирак сапары» аттуу маалыматында соода министри Өмер Болат экономикалык байланыштарды бекемдөө жана Өнүгүү жолун талкуулоо үчүн Иракта маанилүү жолугушууларды өткөрүп жатканын жазган. Ирак менен Түркия аткарылышы керек болгон инфраструктура жана суперструктура долбоорлорун, өзгөчө соода-сатык тармагындагы жолду талкуулашууда.

«Сабах» гезити «Жаңы илим борборлору ачылат» аттуу кабарында өнөр жай жана технология министри Мехмет Фатих Кажыр жылдын аягына чейин 2си Стамбулда жалпы 5 жаңы илим борборун ача тургандарын белгилеп, «Ушундайча өлкөбүздөгү илим борборлорунун саны 40ка жетет»,- дегенин жазган.

«Стар» гезити «Уралоглу: Ата мекендик технологиябыз ишке кирди» аттуу маалыматында транспорт жана инфраструктура министри Абдулкадир Уралоглу, түрк инженерлери тарабынан иштелип чыккан алгачкы ата мекендик жана улуттук аба кыймылын көзөмөлдөө программасы Интерактивдүү радар анализи жана маалымат экранынын (IRADE) Чукурова менен Стамбул Ататүрк аэропортторунда колдонула баштаганын билдирди.

«Хүррийет» гезити «Түндүк Кипр Түрк Республикасынын 41 жылдыгы белгиленди» аттуу кабарында Түндүк Кипр Түрк Республикасынын түзүлгөнүнүн 41 жылдыгы Германиянын борбор шаары Берлинде жана Англиянын борбор шаары Лондондо кабыл алуу иш-чаралары менен белгиленгенин жазган.



Тектеш кабарлар