Түрк басма сөзү 14.11.2024

Түрк басма сөзүнөн кыскача маалыматтар.

2209866
Түрк басма сөзү 14.11.2024

Түрк басма сөзү 14.11.2024

«Хүррийет» гезити «Эрдоган: Израилдин зулумдуктарына каршы эң конкреттүү кадам таштаган өлкө Түркия» аттуу кабарында президент Режеп Таййип Эрдогандын Түркиянын Израилдин кыянатчылыгына дүйнөдө эң катуу каршы чыккан өлкө болгонун жана бул темада сооданы токтотуу менен бирге эң конкреттүү кадамдарды таштаганын айтканын жазган. Эрдоган : «Газага жөнөтүлгөн гуманитардык жардамдын көлөмү боюнча да алдыңкы орундабыз»,-деп айтканын баяндаган.

«Стар» гезити «Террор менен күрөшүүдө Эрдогандан чечкиндүүлүк билдирүүсү» аттуу маалыматында президент Эрдогандын Сириянын түндүгүндөгү террордук уюмдарга каршы операциялардын Түркиянын коопсуздугу жана жарандарынын тынчтыгы үчүн ар дайым күн тартибинде болгонун белгилегенин жазган. Эрдоган: «Коркунучту сезсек, каалаган убакта чек аранын ары жагына операцияларыбызды баштоого даярбыз»,-деп айтты.

«Йени шафак» гезити «Министр Болат: Түркия-Европа Биримдиги карым-катнаштарынын ылдамдыгы ЕБге көз каранды» деген маалыматында соода министри Өмер Болат: «Европа Биримдиги (ЕБ) менен сооданы тездетүү үчүн Евробиримдиктин карым-катнашындагы импульс декабрда ылдамдайт»,-деп айтып, сооданын ЕБ менен карым-катнаштагы маанисине токтолгонун жазган.

«Хабер түрк» гезити «Түркия чет элдиктерди тартуучу борбор» деген кабарында Түркия чет элдиктерди тартуунун борбору болууну улантканын жазган. Гезит быйыл январь-октябрь айларында чет элдиктерге 19 миң 212 үй сатылганын, чет элдиктерге турак жай сатууда Анталия, Стамбул, Мерсин жана Анкара алдыңкы орундарга чыкканын маалымдаган.

«Сабах» гезити «Дүйнөдөгү эң популярдуу салат» деген кабарында онлайн туристтик гид Taste Atlas дүйнөдөгү эң сүйүктүү салаттарды аныктаганын белгилеген. Тизмеде классикалык түрк салаты «Кысыр» да өз ордун ээледи. «Кысыр» майда булгур, помидор, жалбыз, сарымсак, петрушка жана лимон ширеси же анар сиропунан жасалат. Салатты татымалдандыруу үчүн көбүнчө зире жана кызыл калемпир кошулат.



Тектеш кабарлар