Түрк басма сөзү 11.11.2024

Түрк басма сөзүнөн кыскача маалыматтар.

2208652
Түрк басма сөзү 11.11.2024

«Стар» гезити «саат 09.05те жашоо токтоду» аттуу кабарында Түркия Республикасынын негиздөөчүсү Мустафа Кемал Ататүрктүн дүйнөдөн кайтканынын 86 жылдыгында өлкө боюнча аземдер менен эскерилгенин жазган. Ататүрк көздөрүн жумган саат 09.05те сиреналардын үнү менен жашоо токтоп, жарандар бир мүнөт унчукпай турушту.

«Хүррийет» гезити «Эрдоган: Өлкөбүздүн чек араларынын терроризм менен байланышын үзөбүз» аттуу маалыматында президент Эрдоган, Ататүрктүн өлүмүнүн 86-жылдыгына карата өткөрүлгөн эскерүү аземинде сүйлөгөн сөзүндө: «Алдыбыздагы мезгилде чек араларыбызда түзгөн коопсуз аймактын берки түйүндөрүн да бүтүрөбүз. Б.а террордук уюмдар менен өлкөбүздүн чек араларынын ортосундагы байланышты үзөбүз»,-дегенин жазган.

«Сабах» гезити «Эрдоган: Террору жок климат түзөбүз» аттуу кабарында президент Эрдоган өкмөт жыйынынан кийинки билдирүүсүндө террор менен күрөшүүдө чечкиндүүлүккө басым жасаганын жазган. Түркияда террору жок климат түзүлөөрүн билдирди.

«Хабертүрк» гезити «Фидандын Израилге курал эмбаргосу үчүн кысым көрсөтүү чакырыгы» аттуу маалыматында тышкы иштер министри Хакан Фидан, Ислам Кызматташтык Уюму жана Араб Лигасынын кезексиз саммитинин Тышкы иштер министрлеринин жыйналышында Израилге курал-жарак жана ок-дарылардын өткөрүлүшүн токтотуу үчүн БУУнун Коопсуздук Кеңешинин туруктуу мүчөлөрү да болгон 52 өлкөдөн колдоо алышкандарын белгилеп: «Бардыгыбыз бул маселе боюнча көбүрөөк жоопкерчиликти алуу үчүн эмне керек болсо ошону кылышыбыз керек. Азыр биримдигибизди көрсөтө турган учур келди»,- дегенин билдирген.

«Ватан» гезити «Чыраган сарайында дүйнөдөгү жалгыз калем фестивалы» аттуу кабарында Стамбулдагы Чыраган сарайында дүйнөдөгү биринчи жана жалгыз калем фестивалы болгон 'Penfest 2024' өткөрүлгөнүн жазган. Фестивалдагы эң кымбат калем болсо болжол менен 3 миллион лира менен эл назарына коюлду.



Тектеш кабарлар