Түрк басма сөзү 8.11.2024

Бүгүн басмадан чыккан гезиттерден кыскача маалыматтар.

2208035
Түрк басма сөзү 8.11.2024

"Сабах" гезити «Эрдогандан Европа Биримдиги тууралуу билдирүү» деген кабарында президент Режеп Таййип Эрдогандын Түркия сыяктуу континенттин жыргалчылыгына жана коопсуздугуна олуттуу салым кошкон талапкер өлкөнүн Европа Биримдигине кирүү процессине жылдар бою тоскоол болушунун акылга сыярлык бир түшүндүрмөсү жок экендигин айтканын жазган.

"Йени шафак" гезити «Министр Болат: Израиль менен соодабыз нөл» деп билдирип, соода министри Өмер Болаттын Израиль менен сооданы токтотуу чечиминин туруктуу ок атышпоо жана Газанын кайра курулушу башталганга чейин жарактуу экендигин айтканын белгилеген. Болат: «Май айынан бери Израилге импорт жана экспорт нөлгө түштү»,-деди.

"Хабер түрк" гезити  «Борбордук банктын резервдери кайрадан рекорд койду» деген макаласында Түркия Республикасынын Борбордук банкынын  жалпы резервдери 1 - ноябрь жумасында мурунку жумага салыштырмалуу 221 миллион доллар өсүп, 159 миллиард 619 миллион долларга жеткенин кабарлаган. Ушундайча Борбордук банктын резерви  үчүнчү жолу рекорд жаңыртты.

"Стар" гезити  "Болот купол ылдам бүтөт" деп жазып, өнөр жай жана технология министри Мехмет Фатих Кажырдын абадан коргонуу системасы "Болот куполдун" өнүктүрүлүшүн тез арада бүтүрө тургандарын белгилеп: «Узак аралыкка учуучу ракеталарды иштеп чыгуу мүмкүнчүлүктөрүбүздү дагы жогорку деңгээлге чыгарабыз. Биз эч качан өлкөбүздүн келечегине коркунуч туудурган пландарга жол бербейбиз»,- дегенин кабарлаган.

"Ватан" гезити  «Тоггдун жаңы түсү «Айдер» көргөзмөгө чыкты» деген маалыматында Түркиянын ата мекендик жана улуттук электр унаасы Togg T10x моделинин жаңы түсү «Айдер» Ризедеги соода борборунда көргөзмөгө коюла баштаганын, Togg технологиясы менен бирге түсү менен да  жактырылды деп баяндаган.



Тектеш кабарлар