Түрк басма сөзү 7.11.2024
Түрк басма сөзүнөн кыскача маалыматтар.
«Сабах» гезити «Эрдоган: Түрк дүйнөсүн дагы да жакшы деңгээлге көтөрөбүз» аттуу кабарында президент Режеп Таййип Эрдогандын Кыргызстанда өткөрүлгөн Түрк мамлекеттер уюмунун саммитинде билдирүү жасаганын жазган. Сөз сүйлөөсүндө «Түрк дүйнөсүн дагы да жакшы деңгээлге көтөрөбүз...» деген Эрдоган, «Орток алфавит боюнча макулдаштык»,- деди.
«Хүррийет» гезити «Президент Эрдогандан Трампка куттуктоо» аттуу маалыматында президент Режеп Таййип Эрдоган Дональд Трампты АКШдагы президенттик шайлоодогу жеңиши менен куттуктаганын жазган. Эрдоган: «Досум Дональд Трампты куттуктайм, адилеттүү дүйнө үчүн дагы көп аракет жасала турганына ишенем»,-деди.
«Хабер түрк» гезити «Түркияда 58 облус экспортун көбөйттү» аттуу кабарында Соода министрлиги январь-октябрь айларында 29 облустун 1 миллиард доллардан ашык экспорт кылганын, 58 облуста болсо тышкы сооданын өскөнүн билдиргенин жазган. Октябрда 5 миллиард 81 миллион доллар менен эң көп экспорт жасалган шаар Стамбул болду.
«Стар» гезити «Түркия мунай жана жаратылыш газ өндүрүү боюнча рекорд койду» аттуу маалыматында энергетика жана жаратылыш ресурстары министри Алпарслан Байрактар өткөн айда мунай жана жаратылыш газ өндүрүшүндө айлык жана күнүмдүк рекорд койгондорун айтканын билдирген. Бул мезгилде ички чийки мунай өндүрүшү айлык 3 миллион 361 миң 725 баррель, жаратылыш газ өндүрүшү да 234 миллион 384 миң 17 метр куб менен бардык мезгилдердин эң жогорку санына жетти.
«Ватан» гезити «Togg электр унаа рыногунда лидерлигин улантууда» аттуу кабарында Togg, Түркиянын электр унаа базарында жылдын 10 айлык мезгилинде 20 миң 140 сатуу жана 31 пайыздык рынок үлүшү менен бренд рейтингинде биринчи орунду ээлегенин жазган.