Түрк басма сөзү 6.11.2024
Түрк басма сөзүнөн кыскача маалыматтар.
«Сабах» гезити «Эрдоган: Израиль эл аралык системага коркунуч туудурууда» аттуу кабарында президент Режеп Таййип Эрдоган Кыргызстанда Жогорку деңгээлдеги стратегиялык кызматташтык кеңешинин жыйынында маанилүү билдирүүлөрдү жасаганын жазган. Израилдин эл аралык системага коркунуч туудуруп жатканын айткан Эрдоган: «Израилге эл аралык кысым күчөтүлүшү керек. Палестина маселеси боюнча аракеттерибизди улантабыз»,-деди.
«Хүррийет» гезити «Эрдоган Toggду Жапаровго белек кылды» аттуу маалыматында президент Эрдоган Кыргызстандын президенти Жапаровго ак түстөгү Toggду белек кылганын баяндаган.
«Стар» гезити «Жапаров 'Түркия дүйнөдө алдыңкы орунда' деп айтып өтүнүчүн билдирди» аттуу кабарында Түрк компанияларын энергетика тармагына инвестиция салууга чакырган Кыргызстандын президенти Жапаров Түркиянын медициналык буюмдарды жана сапаттуу дары-дармектерди өндүрүүдө дүйнөдө лидер экенин белгилеп, Кыргызстанда дары-дармек чыгаруучу завод курууну өтүндү.
«Ватан» гезити «Министр Болаттын кредеттик рейтингге байланыштуу билдирүүсү» аттуу маалыматында соода министри Өмер Болат: «Экономикалык программабыздын оң натыйжаларды бергенин жана макроэкономикалык көрсөткүчтөрдөгү жакшырууну, өлкөбүздүн кредит рейтингин удаа-удаа жогорулаткан эл аралык насыя рейтинги агенттиктери да тастыктайт»,-дегенин жазган.
«Йенишафак» гезити «Рокетсан Парижде" аттуу кабарында ракета жана ракеталык системалары менен бүткүл дүйнөгө өзүн далилдеген Түркиянын алдыңкы фирмасы Рокетсан Франциянын борбор шаары Парижде өткөрүлгөн Euronaval 2024 жарманкесинде жогорку өзгөчөлүктөргө ээ деңиз системалары менен из калтырганын билдирген.