Түрк басма сөзү 05.11.2024
Бүгүн басмадан чыккан гезиттерден кыскача маалыматтар.
«Сабах» гезити : «Эрдогандын Палестина боюнча дүйнөгө чакыруусу» деген кабарында президент Режеп Таййип Эрдогандын : «Сионисттердин Газа жана Ливанга каршы агрессиясына эң жакшы жооптордун бири Палестина мамлекетин дагы көп мамлекеттердин таануусу болот»,-дегенин жазган. Эрдоган өлкөлөргө Палестина мамлекетин таануу чакырыгын кайталады.
"Хүррийет" гезити «Эрдоган: Израиль менен сооданы токтоттук» деп билдирип, президент Эрдогандын Израил менен соода операцияларын толугу менен токтоткондорун айтанын белгилеген. Эрдоган : «Геноцид кылмышкерлеринин эл аралык мыйзамдын алдында жооп бериши үчүн колубуздан келгендин баарын кылып жатабыз»,-деди.
"Йени шафак" гезити «Эрдогандан газалыктарга мактоо» деген маалыматында президент Режеп Таййип Эрдогандын Израилдин кол салуусуна дуушар болгон газалыктардын 13 айдан бери тартпаган кыйынчылыгы жана кысымдын калбагандыгын бирок кадыр - баркына шек келтирбегендерин жана өз мекенинде эркин жашоо эркинен чегинбегендерин баса белгиледи.
"Хабер түрк" гезити : «Борбордук банктын резервдеринде жаңы рекорд» деген макаласында Түркия Республикасынын Борбордук банкынын жалпы резервдери 25 - октябрь жумасында мурунку жумага салыштырмалуу 33 миллион долларга көбөйүп, 159 миллиард 398 миллион долларга жеткенин кабарлаган.
"Стар" гезити "Түркиянын унаа экспортунда рекорд» деп жазып, түрк автомобиль өнөр жайынын 2024-жылдын январь-октябрь айларында өткөн жылдын ушул эле мезгилине салыштырмалуу 6,5 пайыздык өсүү менен 30 миллиард 511 миллион 79 миң долларга жетип, тармактык негизде бардык убакытардын эң жогорку 10 айлык экспортуна жетишкендигин маалымдаган.