Түрк басма сөзү 4.11.2024
Түрк басма сөзүнөн кыскача маалыматтар.
«Сабах» гезити «Министр Фидан: Израилге курал сатуу геноцидге шериктеш дегенди билдирет» аттуу кабарында тышкы иштер министри Хакан Фидан Жибутиде өткөрүлгөн Түркия-Африка өнөктөштүгүнүн министрлер деңгээлиндеги үчүнчү карап чыгуу конференциясынын биргелешкен маалымат жыйынында сөз сүйлөгөнүн жазган. Фидан: «Израилге курал сатуу геноцидге шериктеш дегенди билдирерин ар бир мүмкүнчүлүктө кайталашыбыз керек»,-деди.
«Ватан» гезити «Грецияга качууга аракет кылган 2 ФЕТӨчү кармалды» аттуу маалыматында Улуттук коргоо министрлиги Түркиядан Грецияга мыйзамсыз өтүүгө аракет кылган 2 ФЕТӨ мүчөсүнүн кармалганын жарыялаганын жазган.
«Стар» гезити «Түркиянын технология экспортунда рекорддук өсүш» аттуу кабарында өнөр жай жана технология министри Мехмет Фатих Кажыр Түркиянын жогорку технологиялык продукция экспортунун 10 миллиард долларга жакындаганына көңүл бурганын билдирген. Кажыр орто жана жогорку технологиялык продукциянын экспорту 2022-жылы рекорд коюп 97,3 миллиард долларга жеткенин, быйылкы жылдын 9 айында болсо 73,4 миллиард доллар деңгээлинде болгонун айтты. Министр Кажыр, экспортту көбөйтүү үчүн ар кандай программалардын жана колдоолордун чечкиндүүлүк менен уланып жатканын баса белгиледи.
«Йени шафак» гезити «Экспортто октябрь рекорду: 23,6 миллиард доллар» аттуу маалыматында октябрь айында экспорт 3,6 пайызга өсүп 23,6 миллиард доллар, импорт болсо 0,1 пайызга азайып 29,4 миллиард долларды түзгөнүн жазган. Тышкы соода дефицити жылдык 13 пайызга азайып 5,7 миллиард долларга кыскарды. Соода министри Өмер Болат: «Республика тарыхыбыздагы эң жогорку октябрь айы экспортун жасадык. Ушундайча акыркы 15 айдын 10унда рекорд жаңырттык»,-деди.
«Хабер түрк» гезити «46-Стамбул марафону аяктады» аттуу кабарында Спорт Стамбул тарабынан уюштурулуп Түркия Иш Банкынын демөөрчүлүгү менен 46-Стамбул Марафону өткөрүлгөнүн жазган. «Дүйнөдөгү жалгыз континенттер аралык марафон» наамына ээ болгон жана Дүйнөлүк атлетика биримдигинин «Алтын белги» категориясында орун алган марафон 46-жолу өткөрүлдү. 46-Стамбул марафонунда эркектер категориясында эфиопиялык спортчу Дежена Дебела 2.11.40 көрсөткүчү менен жеңишке жетти. Аялдар категориясында болсо бахрейндик спортчу Рут Жебет 2.24.45 көрсөткүчү менен биринчи болду.