Түрк басма сөзү 1.11.2024

Түрк басма сөзүнөн кыскача маалыматтар.

2205165
Түрк басма сөзү 1.11.2024

«Хүррийет» гезити «Президент Эрдоган: Бардык өлкөлөр Израилге кысым көрсөтүшү керек» аттуу кабарында президент Режеп Таййип Эрдоган, Анкарага келген Сенегалдын президенти Бассиру Диомай Фай менен өткөргөн биргелешкен маалымат жыйынында Сенегалдын Палестина боюнча позициясынын маанилүү экенин айтканын жазган. Эрдоган: «Палестина жана Ливан калкынын жанында болууну адамдык милдетибиз катары көрөбүз. Бүткүл дүйнө Израилге кысым көрсөтүшү керек»,-деди.

«Хабертүрк» гезити «Тышкы иштер министрлиги Европа комиссиясынын Түркия отчетуна реакция кылды» аттуу маалыматында Тышкы иштер министрлиги Европа комиссиясынын Түркияга байланыштуу 2024-жылдагы отчетуна реакция кылганын жазган. Өзгөчө Кипр темасындагы баалоолорду сынга алган Министрлик, ички саясий динамикага карата айтылган сындарды да адилетсиз деп эсептегенин баса белгиледи.

«Сабах» гезити «Акыркы бир жумада 198 террорист жок кылынды» аттуу кабарында Улуттук коргоо министрлиги Ирак жана Сириянын түндүгүн кошкондо акыркы бир жумада жүргүзүлгөн операцияларда 198 террористтин таасирсиз кылынганын билдиргенин жазган.

«Йенишафак» гезити «Түркияны тандашты, биринчи жолу экспорттолот» аттуу маалыматында «Көгүлтүр мекендин» кароолчусу, Түркиянын алгачкы согуштук капитансыз деңиз унаасы ULAQ-SİDA үчүн алгачкы экспорт келишимине кол коюлганын билдирген. Милипол Катар жарманкесинде Катардын Ички иштер министрлиги менен кол коюлган келишим Түркиянын алгачкы капитансыз деңиз унаасын экспорттоо долбоору болуу өзгөчөлүгүнө ээ.

«Стар» гезити «БРИКСтин Түркия бөлүшүүсү толкундантты» аттуу кабарында БРИКС расмий баракчасынан Түркиянын абдан популярдуу коргоо өнөр жайы өнүмдөрү тууралуу видео жарыялаганын билдирген. Түрк желеги эмодзиси да орун алган видеодо "Түркиянын абадан коргонуу системалары" деп жазылды.



Тектеш кабарлар