Түрк басма сөзү 28.10.2024

Түрк басма сөзүнөн кыскача маалыматтар.

2203630
Түрк басма сөзү 28.10.2024

«Хабер түрк» гезити «Террор менен күрөшүүдө Түркиядан так билдирүү» аттуу кабарында президенттин башкы кеңешчиси Мехмет Учум терроризмге каршы күрөш тууралуу так билдүү айтканын жазган. Учум: «Жакынкы Чыгыш аймагынын келечеги Түркиянын улуттук коопсуздугуна жана жеринин бүтүндүгүнө коркунуч келтире турган эч бир процесс, вариант жана түзүлүшкө ачык боло албайт. Түркия буга уруксат бербейт»,-дегенин жазган. 

«Ватан» гезити «Өмер Челиктен ТУСАШ билдирүүсү» аттуу маалыматында Адилеттик жана өнүгүү партиясынын (АК Партия) басма сөз катчысы Өмер Челик, Түрк аэрокосмикалык өнөр жайына (ТУСАШ) жасалган террордук кол салуунун максатынын Түркиянын көңүлүн аймактык маселелерден башка жакка буруу экенин билдиргенин жазган. Челик: «Биз Түркияда ички фронтубузду кантип күчтөндүрүүнү, терроризмге жана тегерегибиздеги бул согуш тармактарына каршы кантип күрөшүүнү абдан жакшы билебиз»,-деди.

«Стар» гезити «Түрк Мамлекеттер Уюмунда кызматташтык кадамдары» аттуу кабарында Түрк Мамлекеттер Уюмуна мүчө өлкөлөрдүн өнөр жай, илим жана технология тармагындагы кызматташуусун арттыруу максатында 12 жумушчу топ түзүлгөнүн билдирген. Өнөр жай жана технология министри Мехмет Фатих Кажыр: «Илим, технология, инновация жана өнөр жай тармактарында конкреттүү долбоорлорду тез арада ишке ашырабыз»,-деди.

«Йени Шафак» гезити «Улуттук согуштук учак КААНга жергиликтүү кибер коопсуздук калканы» аттуу маалыматында Түрк коргоо өнөр жайынын алдыңкы фирмаларынын бири STM, кибер коопсуздук тармагындагы иштери менен да көңүлдөрдү бурганын жазган. STM, улуттук согуштук учак KAANды ата мекендик кибер коопсуздук системасы менен жабдууда.

«Сабах» гезити «Асман менен жер кызыл ак болот» аттуу кабарында 29-октябрь Республика майрамында Республиканын 101 жылдыгы 'Түркия кылымына' ылайыктуу түрдө Эдирнеден Карска чейин шаңдуу белгилене турганын жазган. Майрамдык иш-чаралардын алкагында борбор шаар Анкарада парад өткөрүлөт. Түрк деңиз күчтөрү 29 кеме менен 29 портту кыдырат. Стамбулда SOLOTÜRK, Измирде болсо Түрк жылдыздарынын шоу учуусу менен бирге көптөгөн иш-чаралар уюштурулат.



Тектеш кабарлар