Түрк басма сөзү 24.10.2024

Түрк басма сөзүнөн кыскача маалыматтар.

2202415
Түрк басма сөзү 24.10.2024

Түрк басма сөзү 24.10.2024

«Стар» гезити «Эрдоган: Түркияга кол салган кир колдор сөзсүз сынат» аттуу маалыматында президент Режеп Таййип Эрдогандын ТУСАШка террордук кыймылды айыптап: «Улутубуз билиши керек, Түркияга кол салган кир колдор сөзсүз сынат, коопсуздугубузду бутага алган эч бир түзүм, эч бир террордук уюм, эч бир жамандык топтору максаттарына жете албайт»,-деп айтканын баяндаган.

«Хабер түрк» гезити «Эрдоган Путин менен жолукту» аттуу кабарында президент Эрдоган БРИКС саммитинин алкагында Орусиянын президенти Владимир Путин менен жолугушканын маалымдаган. Гезит Путиндин ТУСАШка болгон террордук кол салууну айыптап, көңүл айтканын жазган.

«Хүррийет» гезити «НАТО: Түркиянын жанындабыз» аттуу маалыматында НАТОнун баш катчысы Марк Рюттенин ТУСАШка болгон кол салууну айыптап: «НАТО шериктешибиз Түркиянын жанында»,- деп айтканын баяндаган.

«Йенишафак» гезити «Түркия Нигер алтынын өндүрөт» деген кабарында Түркия эбегейсиз запастарга ээ болгон Нигер менен пайдалуу кендерди чалгындоо жана иштетүү жаатында кызматташуу үчүн меморандумга кол койгонун маалымдаган. Түркиянын Нигерде үч алтын кени бар. Алгачкы алтынды 2025-жылы өндүрүү пландалууда.

«Сабах» гезити «Түркия дүйнөнүн эң мыкты жемиш ​​тизмесинде из калтырды» аттуу кабарында Түркия дүйнөнүн эң мыкты тамак-аш тизмелерин даярдаган TasteAtlas тарабынан дүйнөнүн эң мыкты жемиш тизмесине өз тамгасын койдурганын жазган. Тизмеде экинчи орунду Түркиядан келген Антеп мистеси ээледи.



Тектеш кабарлар