Түрк басма сөзү 21.10.2024
Түрк басма сөзүнөн кыскача маалыматтар.
«Хүррийет» гезити «Шолцтун Түркиядагы билдирүүлөрү немис басма сөзүндө» аттуу кабарында Германиянын канцлери Олаф Шольцтун Түркияга сапары жана президент Режеп Таййип Эрдоган менен бирге өткөргөн маалымат жыйынында берген билдирүүлөрү немис медиасында көңүлдөрдү бурганын жазган. Кабарларда Берлинде көпкө чейин Түркия менен карым-катнаштарында «жаңы башталыш» жөнүндө сөз кылганы белгиленди.
«Хабертүрк» гезити «Улуттук чалгындоо уюмунан Сулейманияда операция» аттуу маалыматында Түркиянын Улуттук чалгындоо уюму (MİT), Ирактын түндүгүндөгү Сулейманияда террордук уюм ПКК/КЖК үчүн аймак элинен салык чогултуп жаткан уюмдун жооптууларынан Жаизе Селбер менен Эмине Улашты таасирсиз кылганын жазган.
«Стар» гезити «Түркиянын "Жакшылык кемеси" Сомалиге жетти» аттуу кабарында ачарчылык менен күрөшүп жаткан Сомали калкына Апаат жана чукул кырдаалдарды башкаруу башкармалыгы (AFAD) тарабынан жөнөтүлгөн 3 миң тонна гуманитардык жардам материалдарын ташыган «Жакшылык кемесинин» Сомалиге жеткенин билдирген.
«Сабах» гезити «Түркия электр энергиясын өндүрүүдө жаңылануучу булактардын үлүшүн көбөйтүүнү максат кылууда» аттуу маалыматында Энергетика жана жаратылыш ресурстары министрлиги келерки жылы электр энергиясын өндүрүүдө кайра жаралуучу энергия булактарынын үлүшүн 47,8 пайызга жеткирүүнү пландап жатканын жазган.
«Йенишафак» гезити «Түрк тамак-аш өндүрүүчүлөрү жарманкеде» аттуу кабарында Түрк тамак-аш өнөр жайы быйыл Франциянын борбор шаары Парижде өткөрүлгөн дүйнөнүн эң чоң тамак-аш жана суусундук жарманкеси SIALга 346 фирма менен катышканын жазган. Түркия быйыл да жалпы квадрат метр аянты боюнча жарманкеге Италия жана Испаниядан кийин 3-чоң чет элдик катышуучу болду.