Түрк басма сөзү 1.10.2024
Түрк басма сөзүнөн кыскача маалыматтар.
Түрк басма сөзү 1.10.2024
«Сабах» гезити «Эрдоган: Керек болсо БУУнун Коопсуздук Кеңеши күч колдонушу керек» аттуу маалыматында президент Режеп Таййип Эрдогандын Бириккен Улуттар Уюмунун Башкы ассамблеясын Израилдин кол салууларын токтотуу үчүн «зарыл болсо күч колдонууга» чакырганын берген. Эрдоган бир ууч радикал сионисттердин аймакты өрттөп жатканын айтты.
«Хүррийет» гезити «Эрдоган: Түркия эзилгендердин үнү болду» аттуу кабарында президент Эрдогандын Бириккен Улуттар Уюмунун Башкы ассамблеясында сүйлөгөн сөзүнө байланыштуу Түркиянын глобалдык платформада эркиндик, адилеттик, укук жана теңдик үчүн күрөшкөн бардык эзилген адамдардын үнүнө айланганын айтканын баяндаган.
«Йени шафак» гезити «Куртулмуш: Израилдин бутасы бир гана Газа эмес» деген кабарында Түркия Улуу Улуттук Жыйынынын төрагасы Нуман Куртулмуштун Израилдин Ливанга кол салуусу жана андан соң Сирияны бутага алуусунун акыркы буталарынын бири Түркия экенин айтканын маалымдаган.
«Стар» гезити «Түрк Мамлекеттер Уюмунан жаңы демилге» аттуу кабарында Түрк Мамлекеттер Уюмуна мүчө жана байкоочу өлкөлөр картография жаатында кызматташуу үчүн чогулушканын жазган. «Орток түрк алфавити» сыяктуу «Орток түрк дүйнөсүнүн картасын» чыгаруу да максатталган.
«Ватан» гезити «Текнофестке саналуу күндөр калды» деген кабарында дүйнөнүн эң чоң авиация, космос жана технология фестивалы TEKNOFEST 2-6-октябрь күндөрүнүн аралыгында Аданада өткөрүлө турганын маалымдаган. TEKNOFEST сынактары жаштардын улуттук технологияны өнүктүрүүгө болгон кызыгуусун арттырууга багытталган.