Түрк басма сөзү 16.09.2024
Түрк басма сөзүнөн кыскача маалыматтар.
«Ватан» гезити «Нью-Йоркто «Көңүл элчиси» долбоору түшүндүрүлөт» аттуу кабарында президент Режеп Таййип Эрдогандын жубайы Эмине Эрдогандын демөөрчүлүгү менен ишке ашырылган «Көңүл элчиси» долбоору Нью-Йоркто Бириккен Улуттар Уюмунун Башкы Ассамблеясынын алкагында өтө турган иш-чарада бүткүл дүйнөгө түшүндүрүлө турганын жазган. Иш-чарада Түркиянын фостердик үй-бүлө кызмат көрсөтүү модели таанытылат.
«Сабах» гезити «Түркия энергияда борбордук база болот» аттуу маалыматында энергетика жана жаратылыш ресурстары министри Алпарслан Байрактар Түркиянын жаратылыш газ чалгындоодо дүйнөнүн эң заманбап флотторунан бирин түзгөнүн, Ирак менен жүргүзгөн Өнүгүү жолу долбоорунун негизинде да глобалдык энергия борбору болуу жолунда баратканын айтканын билдирген.
«Хүррийет» гезити «Инвестициялык фонддордон Түркияга жакын кызыгуу» аттуу кабарында Түркия Республикасынын Борбордук банкынын резервдеринин жакшырышы, күндөлүк эсеп таңсыктыгынын азайышы жана инфляция күтүүлөрүнүн төмөндөшү сыяктуу жагдайлар Түркиянын чет элдик инвесторлордун радарына киришин камсыздаганын жазган.
«Йени Шафак» гезити «Болот купол Түркияны коргойт» аттуу маалыматында Рокетсандын башкы директору Мурат Икинжи, Болот куполдун бүткүл Түркияны абадан кол салуулардан коргой турган система экенин айтканын жазган. Долбоор Түркиянын аба мейкиндигин камтыган «коопсуздук кол чатырын» камсыз кылууну максат кылууда.
«Стар» гезити «Эрсин Татар, Кипр доосунан артка кадам таштабайбыз» аттуу кабарында Түндүк Кипр Түрк Республикасынын президенти Эрсин Татар, Кипр темасындагы эки мамлекеттүү чечим саясатынын туура жана негиздүү экенин, ошондуктан артка кадам таштоо мүмкүн эмес экенин айтканын билдирген.