Түрк басма сөзү 13.09.2024
Бүгүн басмадан чыккан гезиттерден кыскача маалыматтар.
«Сабах» гезити «Акыркы бир жумада 95 террорист жок кылынды» деген кабарында улуттук коргоо министрлигинин басма сөзгө маалымат берүү жыйынында кечээ террор менен күрөшүүгө байланыштуу маалымат берилгендигин жазган. Ушунун негизинде түрк куралдуу күчтөрү ишке ашырган операцияларда акыркы бир жумада 95 террористтин жок кылынгандыгы билдирилди.
«Хүррийет» гезити «Түркиядан Британияга экспорт рекорду» деп билдирип, Түркия экспортчулар ассамблеясынын маалыматына караганда Түркия 8,3 миллиард доллар менен Британияга январь - август айларынын эң жогорку экспортуна жетишкенин жазган.
«Стар» гезити «AKINCI КUЗГUN менен таамай атты! Сүрөттөрдү Селчук Байрактар жарыялады» деген маалыматында Байрактар AKINCI чабуул коючу учкучсуз учуучу аппараты, KUZGUN-SS ок - дарысы менен ишке ашырган сыноодон ийгиликтүү өткөндүгүн белгилеген. AKINCI KUZGUN менен таамай атты. Сыноого байланыштуу сүрөттөрдү Байкардын башкаруу кеңешинин төрагасы Селчук Байрактар бөлүштү.
«Йени шафак» гезити «Түрк аба жолдорунун Сидней каттамдары башталууда» деп жазып, түрк аба жолдорунун Австралиянын эң чоң шаары Сиднейге Стамбулдан 4 - декабрда эки тараптуу каттамдардын баштала тургандыгын жарыялады. Стамбул - Сиднейдин ортосунда ишке ашырыла турган каттамдар 4 күн Куала – Лумпур аркылуу Airbus A350-900 үлгүсүндөгү учактар менен аткарылат.
«Хабер түрк» гезити «Домузтепесинде 7 миң 600 жылдык бала скелети табылды» деген маалыматында Кахраманмараштын Түркоглу районундагы Домузтепе дөңсөөсүндө жүргүзүлгөн казуу иштеринде 7 миң 600 жыл мурункуга катталган баланын скелетинин табылгандыгын кабарлаган.