Түрк басма сөзү 12.09.2024
Түрк басма сөзүнөн кыскача маалыматтар.
Түрк басма сөзү 12.09.2024
«Ватан» гезити «Эрдоган: Крымды Украинага кайтаруу эл аралык укуктун талабы» аттуу маалыматында президент Режеп Таййип Эрдогандын: «Украинанын жеринин бүтүндүгүн, эгемендигин жана көз карандысыздыгын колдообуз туруктуу. Крымдын Украинага кайтарылышы эл аралык укуктун талабы»,-деп айтканын баяндаган.
«Хүррийет» гезити «Түштүк Кореядан супер ылдам поезд долбооруна чоң кызыгуу» аттуу кабарында транспорт жана инфраструктура министри Абдулкадир Уралоглунун кесиптеши Пак Санг-Ву менен Сеулда Анкара менен Стамбулдун ортосунда саатына 350 километр ылдамдыкта жүрө ала турган супер ылдам поезд долбоорун талкуулаганын жана кореялык кесиптеши долбоорго чоң кызыгуу көрсөткөнүн айтканын жазган.
«Йенишафак» гезити «Сакария газ талаасынан жаңы жакшы кабар» деген маалыматында энергетика жана жаратылыш ресурстары министри Алпарслан Байрактардын жаңы жаратылыш газ өндүрүү базасынын 2026-жылдын орто ченинде Сакария газ аянтына жөнөтүлүп өндүрүш баштала турганын белгилеп: «8 миллион кожолуктун газ муктаждыгы 2026-жылдын орто ченинде Сакария газ талаасынан күнүмдүк 20 миллион метр куб өндүрүш менен камсыздалат»,-деп айтканын баяндаган.
«Сабах» гезити «The Guardian Түркияга келген туристтердин суктануусун түшүндүрдү»деген кабарында Англиянын «The Guardian» гезити дүйнөнүн төрт тарабынан Түркияга келген туристтердин тажрыйбаларын камтыган бетинде саякатчылар Түркиянын ар бир бурчу аларга жаңы ачылыш жана укмуштуу окуяларды тартуулап жатканын белгилешкенин маалымдаган.
«Стар» гезити «Түрк дүйнөсүндө тарыхый чечим» деген кабарында Түрк академиясы Түрк Мамлекеттер Уюму (ТМУ) тарабынан түзүлгөн Түрк дүйнөсүнүн орток алфавит комиссиясынын 34 тамгадан турган орток түрк алфавити сунушу боюнча макулдашканын жарыялаганын кабарлаган.