Түрк басма сөзү 11.09.2024
Түрк басма сөзүнөн кыскача маалыматтар.
«Сабах» гезити «Эрдоган: алга жылган жалгыз өлкө Түркия» аттуу кабарында президент, Адилеттик жана Өнүгүү партиясынын (АК Партия) төрагасы Режеп Таййип Эрдоган, кечээ партиясынын борборундагы кеңейтилген облус башчыларынын жыйналышында сүйлөгөн сөзүндө, олуттуу кризистер болуп жаткан аймакта жайгашкан Түркиянын биримдигин жана ынтымагын сактап, экономика, туризм, коргоо өнөр жайы, тышкы саясат, соода жана коопсуздук тармактарында алга жылган жалгыз өлкө экенин айтканын жазган.
«Хүррийет» гезити «Министр Фидан эскертти» аттуу маалыматында тышкы иштер министри Хакан Фидан 13 жылдан кийин биринчи жолу катышкан Араб Лигасынын Тышкы иштер министрлер кеңешинин ачылышында: «Түркия Израилге соода чектөөлөрүн киргизди. Израиль ок атышпоо келишимин кабыл алып, Газага гуманитардык жардамдардын тоскоолдуксуз жеткирилишин камсыздамайынча биз Израиль менен соода-сатык иштерин баштабайбыз»,- дегенин билдирген.
«Стар» гезити «Түркиядан Араб мамлекеттери лигасы өлкөлөрүнө маанилүү мунай-табигый газ сунушу» аттуу кабарында энергетика жана жаратылыш ресурстары министри Алпарслан Байрактар Араб өлкөлөрү менен Өнүгүү жолу долбоору, жаратылыш газ, мунайзат, негизги кендер темасында кызматташтык жана конкреттүү долбоорлорду өнүктүрүүнү максат кылгандарын айтканын жазган.
«Ватан» гезити «Жумушсуздуктун деңгээли 8,8 пайызды түздү» аттуу маалыматында Түркияда жумушсуздардын саны июль айында мурунку айга салыштырмалуу 112 миң кишиге азайып 3 миллион 167 миң киши болгонун жазган. Жумушсуздуктун деңгээли 0,4 пунктка төмөндөп 8,8 пайызды түздү.
«Хабертүрк» гезити «Фитчтен Түркия баалоосу» аттуу кабарында Эл аралык кредиттик рейтинг агенттиги Fitch Ratingsтин башкы директору жана Түркия боюнча аналитиги Эрих Ариспе Моралес Түркияда кынтыксыз акча саясаты позициясынын сактала турганына чоң ишенимде экенин билдиргенин жазган.