Түрк басма сөзү 10.09.2024
Бүгүн басмадан чыккан гезиттерден кыскача маалыматтар.
"Йени Шафак" гезити «Эрдоган ислам дүйнөсүнө чакырык салды» деген кабарында президент Режеп Таййип Эрдогандын Израилдин Газа тилкесине карата уланып жаткан кол салууларына байланыштуу: «Милдети Кудус доосун коргоо болгон Ислам Кызматташтык Уюмунун бул кол салууларга кайдыгер карашын ойлоо мүмкүн эмес. Убакытты текке кетирбей, лидерлер деңгээлинде чогулуп, ислам дүйнөсүнүн чечкиндүү позициясын ачыкка чыгаруу керек",- дегенин жазган.
"Стар" гезити "Европа Биримдигинен Түркияга билдирүү" деп жазып, Европа Биримдиги Комиссиясынын Коңшулук жана кеңейүү боюнча жооптуу мүчөсү Оливер Вархелинин Түркия менен Бажы биримдигинин жаңыланышы сыяктуу темаларда жакынкы келечекте кадам ташталышын күткөндөрүн айтканын жазган.
"Хүррийет" гезити "Түрк аба жолдору 8 айда 57,4 миллион жүргүнчү ташыды" деген маалыматында түрк аба жолдорунун январь - август мезгилинде жүргүнчү саны өткөн жылдын тийиштүү мезгилине салыштырмалуу 2,5 пайыз өсүп 57,4 миллионго жеткенин кабарлаган.
"Сабах" гезити «Стамбул аэропорту да Googleде Европанын эң мыктысы болду" деп билдирип, Google колдонуучуларынын комментарийлери боюнча жүргүзүлгөн изилдөөгө ылайык, Стамбул аэропорту Европадагы мыкты аэропорт деп тандалганын баяндаган.
"Хабер түрк" гезити «Түркиянын таанытуу тасмалары 1 миллиард жолу көрүлдү» деген макаласында маданият жана туризм министрлиги тарабынан даярдалган Түркияны таанытууга багытталган тасмалар 200дөн ашуун өлкөнүн телеканалдарында жана санарип платформаларында жарыялангандыгын белгилеген. Түркияны таанытууга багытталган жарнамалык тасмалар бир айдын ичинде 1 миллиард жолу көрүлдү.