Түрк басма сөзү 4.09.2024

Түрк басма сөзүнөн кыскача маалыматтар.

2182959
Түрк басма сөзү 4.09.2024

«Йени шафак» гезити «244 баатыр түрк аскери АКШга үлгү болду» аттуу кабарында АКШнын аскердик чалгындоо кызматы тарабынан даярдалган отчетто Корея согушунда туткунга түшкөн 244 түрк аскеринин баатырдыгы АКШ армиясынын аскердик машыгуусун толугу менен өзгөрткөнүн ортого салганын жазган. АКШ армиясы «туткун жана согуштук машыгуу, аман калуу, качуу жана суракка туруктук берүү машыгуусун» түрк аскерлеринен үлгү алып түзгөн.

«Сабах» гезити «Улуттук чалгындоо уюмунан  MOSSADдын акча тармагына масштабдуу операция» аттуу маалыматында Улуттук чалгындоо уюмунун иш-аракеттеринин натыйжасында Израилдин чалгын кызматынын (MOSSAD) акча тармагын камсыздаган Косово жараны Лиридон Реххепинин Стамбулда кармалганын билдирген.

«Стар» гезити «Түрк лирасы менен 169 өлкөгө экспорт» аттуу кабарында Түрк лирасы менен тышкы соода быйылкы жылдын 8 айында өткөн жылдын тийиштүү мезгилине салыштырмалуу 44 пайызга өсүп, 708 миллиард 310 миллион лирага жеткенин билдирген.

«Хүррийет» гезити «Хүйүк кулпунайына ЕБ көрсөткүчү» аттуу маалыматында Коньянын Хүйүк районунда өстүрүлгөн 'Хүйүк кулпунайынын' Европа Биримдигинде (ЕБ) географиялык көрсөткүч катары катталганын жазган. Ушундайча Түркиянын ЕБден географиялык көрсөткүч алган өнүмдөрүнүн саны 25ке жетти.

«Хабертүрк» гезити «VakıfBank 3-жолу Гиннесстин рекорддор китебине кирди» аттуу кабарында волейбол боюнча CEV Чемпиондор Лигасында 6 жолу чемпион болгон ВакыфБанк, Европанын клубдар деңгээлиндеги эң маанилүү мелдешин жеңген команда катары 3-жолу Гиннесстин рекорддор китебине кирүүгө укуктуу болгонун билдирген.



Тектеш кабарлар