Түрк басма сөзү 29.08.2024

Түрк басма сөзүнөн кыскача маалыматтар.

2181136
Түрк басма сөзү 29.08.2024

Түрк басма сөзү 29.08.2024

«Сабах» гезити «Түркиянын Батыш Шериа боюнча Израилге каршы чыгуусу» аттуу маалыматында канкор Израилдин Батыш Шериада таштаган чуулгандуу кадамдарына байланыштуу Тышкы иштер министрлигинен билдирүү жасалганын маалымдаган. Министрлик : «Израилдин Батыш Шериадагы мыйзамсыз операциясын жана Израилдин тышкы иштер министринин Газадагы практикаларды Батыш Шериага өткөрө тургандарын катуу айыптайбыз»,-деди.

«Йени Шафак» гезити «Өмер Челиктин Кацка реакциясы: Адамзат коркунучта» деген маалыматында Адилеттик жана өнүгүү партиясынын (АК Партия) басма сөз катчысы Өмер Челиктин Израилдин тышкы иштер министри Исраэль Кацтын «Газада болгон сыяктуу Батыш Шерианын калкы да күч менен көчүрүлүшү керек» деген билдирүүсүнө жооп кайтарып, «Бул желе токтотулбаса, адамзат коркунуч алдында турат»,-деп айтканын баяндаган.

«Стар» гезити «6 өлкө Түркияны тандады» аттуу кабарында Eurasian Times гезити Ислам өлкөлөрү коргонуу өнөр жай өнүмдөрүн жеткирүүдө АКШнын ордуна Түркияны тандаганын жазды. Пакистан, Индонезия, Малайзия, Азербайжан, Мальдив аралдары жана Сауд Арабиянын курал-жарак жеткирүү үчүн Анкарага муктаждыгы белгиленди.

«Хүррийет» гезити «Байрактар ​​бир туугандар, Түркиянын салык рекордчусу» деген кабарында Түркиянын 2023-жылдагы киреше салыгы рекордчусу коргонуу жана аэрокосмос өнөр жайынын алдыңкы экспортчусу Байкар фирмасынын башкаруу кеңешинин төрагасы Селчук Байрактар болгонун жазган. Байкардын башкы директору Халук Байрактар ​​экинчи орунду алганын кабарлаган.

«Хабер түрк» гезити «Салда көлү Дүйнөлүк геологиялык мурастар тизмесине кирди» аттуу макаласында Эл аралык геологиялык илимдер союзу эки жылда бир даярдап турган «100 геологиялык мурастын» тизмесин жарыялаганын белгилеген. Бурдурдун Йешилова районунда жайгашкан Салда көлү тизмеге кирди. Көгүлтүр суусу, ак пляждары жана геологиялык түзүлүшү менен көңүлдөрдү бурган Салда көлү жыл сайын миңдеген саякатчыцларды кабыл алат.



Тектеш кабарлар