Түрк басма сөзү 26.08.2024

Түрк басма сөзүнөн кыскача маалыматтар.

2179615
Түрк басма сөзү 26.08.2024

«Сабах» гезити «Жеңиш эртеби-кечпи Палестинаныкы болот» аттуу кабарында президент Эрдоган, Израилдин Газада 10 айдан бери улантып келе жаткан бардык мыкаачылыктарына, бардык жапайычылыктарына жана террорчулугуна карабастан Палестина элин каршылык көрсөтүү эркинен тайдыра албаганын айтканын жазган. Эрдоган: «Баатырларча өз жерлерин коргогон Палестина элине дагы бир жолу урмат менен салам айтам. Биз палестиналык боордошторубузга жеңиш эртеби-кечпи келерине чын жүрөктөн ишенебиз»,-деди.

«Хүррийет» гезити «Малазгирт жеңиши иш-чарасында Эрдогандан маанилүү билдирүү» аттуу кабарында президент Эрдоган, Малазгирт жеңишинин 953 жылдыгынан улам Битлистеги Ахлат иш-чара аянтында өткөрүлгөн программада билдирүүлөрдү жасаганын жазган. Эрдоган: «Анадолу биздин мекенибиз, бул жерде болушубузга чыдай албагандарды чоң жеңилүү күтүп турат»,-деди.

«Стар» гезити «Түркия-Ирак жакындашуусу грек басма сөзүндө» аттуу кабарында Түркия менен Ирактын акыркы келишим менен террордук уюм ПККга каршы жаңы кадамдарды ташташы Грецияда талкууланганын жазган. Түркия менен Ирактын ортосундагы абалды «таң калыштуу өзгөрүү» деп сыпаттаган грек басма сөзү, Түркиянын Ирактагы аскердик позициясынын дагы бир жолу аныкталганын белгиледи.

«Хабер түрк» гезити «Зеленский Украина Тынчтык саммити үчүн Түркияны көрсөттү» аттуу маалыматында Украинанын президенти Владимир Зеленскийдин Орусия-Украина согушуна байланыштуу экинчи Украина Тынчтык саммитинин «Глобалдык Түштүк» өлкөлөрүндө өткөрүлүшүнүн артыкчылык экенин, Түркия, Сауд Арабия жана Катар сыяктуу өлкөлөр менен сүйлөшүп жаткандарын айтты.

«Йени Шафак» гезити «Туризмде рекорд келе жатат» аттуу кабарында Түркия июль айында 7 миллион 333 миң 812 миң туристти кабыл алганын билдирген. Январь-июль айларында чет элдик туристтердин саны 8,27 пайызга өсүп, 29 миллион адамга жетти. 60 миллион туристке бир кадам жакындады.



Тектеш кабарлар